Тоголок Молдонун тургуну каза болгон 8 адам боюнча маселе көтөрдү

turmush
Скачать
Просмотров: 1344
 
Опубликовано 14 Сентября 2022, 09:14

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Эсенбек Бугубаев өткөн жылы жол кырсыгынан каза болгондор боюнча күнөөлүүлөр жазаланбай жаткандыгын башкы прокурор Курманкул Зулушевге айтты.

Тоголок Молдо айылынын тургуну Эсенбай Бугубаев: "Өткөн жылы 12-августта автокырсыктан биздин айылдан 8 киши өлгөн. Ушул ишти прокуратурадан прокуратурага өтүп жүрүп отуруп, кайра прокуратурага барып, ички иштер министрлигине барып, мамлекеттик атайын башкармалыкка барып, анан сотко өтүп, сот күнөөлүүнү 4 жылга кести эле. Кайра эми тосмо арыз жазып, дарыгерлердин туура эмес корутундуларынын негизинде ал ооруканага жатып, эркиндикке чыгып алып жатат. Ушуга өзүңүз көзөмөл жүргүзүп койсоңуз.

Экинчиси, Нарынбек Акматов деген бар эле. Айыл өкмөт менен келишип алып, 11 гектар жерди 4 жыл пайдаланып алып, айыл өкмөткө эч нерсе төлөбөй койду. Муну аким жакшы билет. Акимге кайра-кайра айткам. Үчүнчү суроом. Ошол 11 гектар жерди мурунку айыл өкмөтү өз кызыкчылыгына пайдаланып алып, айыл өкмөткө эч нерсе төкпөй койгон. Бул дагы коррупциялык иш. Кайра ошол 11 гектар жерди 3 жакыр үй-бүлөгө жазып, үч жакырдын үстүнөн өздөрү пайдаланган. Төккөн акчаларынан эч нерсе жок. Айыл өкмөттөгү 90 гектар жерди биздин айылдын элине ижарага берип, ижара акчаларын эч жакка төкпөстөн өздөрү пайдаланган. Мындан тышкары, АРИС менен "Абердин Ангус" тукумундагы 2 бука алып келишип, Ошол буканын ар биринин баасы 108 миң сом турган. Азыр бука жок. Андан тышкары, 3 жыл мурун "Абердин Ангус" тукумундагы 5 бука келген. 5 буканын үстүнөн 3 жылдан бери соттошуп жүрөбүз. Сатып келген, алып келген киши дагы, сатып жибергени дагы, АРИС программасы боюнча дагы киши ушул жерде, айылда. Бирок, сот, прокуратура эч чече албай койду", - деди ал.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев: "Эсенбай байке чара колдонобуз. Сиз (район акими Жумадилла Жапаровго) жооп бересизби эки суроого?. Маалымат айтыңызчы", - деди.

Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров: "Бука боюнча сотко берилген. Органдар туруп жатат. Бул боюнча райондук ички иштер бөлүмүндө турат. Айыл өкмөттөгү жер 3 адамга арендага берилген. Ижарасы төлөнөт", - деди аким.

Айтылган көйгөйлөр боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев жол кырсыгы боюнча өзүнчө жана жер боюнча өзүнчө тиешелүү өкүлдөргө териштирүү боюнча тапшырма берди.