Жалал-Абаддык Элиза Новосибирскиде "Лиза" салонун ачкан.

turmush
Скачать
Просмотров: 1682
 
Опубликовано 11 Сентября 2022, 14:59

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мундуз айылынын кызы Элиза Сатканкулова Новосибирск шаарында сулуулук салонун ачып, мекендештерди жумуш орду менен камсыздады. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Сатканкулова Элиза Бакытовна 1993-жылы 24-ноябрь күнү мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Мундуз айылындагы Сатканкул Жээнбаев атындагы орто мектебинде, Кербен шаарындагы Жунай Мавлянов атындагы лицей-интернатында, андан соң Жалал-Абад шаарындагы Кыргызстан эл аралык университетинин экономика факультетинде билим алган.

Үлгүлүү үй-бүлө

- Өзүм мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулгам. Чоң атам Сатканкул Жээнбаев орус тили жана адабият мугалими, Мундуз орто мектебинин директору болуп эмгектенген. Эмгектеги жетишкендиктери үчүн бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татып, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими наамын алган. Мундуз айылындгы мектепке чоң атамдын ысымын ыйгарышкан. Ал эми атам Бакыт Жээнбаев Бакыт кыргыз тили жана англис тили мугалими, Сатканкул Жээнбаев атындагы орто мектебинде директор болуп кызмат кылган. Апам Аманбаева Буалма Асатиллаевна математика мугалими эмгектенген.

Новосибирскиге карай сапар

- Новосибирск шаарына келип иштеп, жашап калганыма 10 жылдан ашты. Бардык эле мигранттар сыяктуу мен дагы иштеп акча табайын, өз окуумдун контрагын өзүм төлөйүн, ата-энеме күч келтирбейин деген максатта келгем. Бул жакка келүү дагы оңой болгон жок. Бул жакта курбумдун ата-энеси жашачу. Ал адамдар "биздин көзөмөлүбүздө болот" деп ата-энем менен сүйлөшүлгөндөн соң мени жиберишкен. Келе калганда эле жыргалчылык күтүп алган жок. Алгач келген жылдары пол жуугуч, идиш-аяк жуугуч сыяктуу иштерде иштедим. Иштебеген жумушум калган жок. Өзгөчө Новосибирсктеги борбордук базарда 5 жыл пол жуудум. Борбордук базарга мигранттарды жөн эле жумушка ала беришчү эмес экен. Ал үчүн Россиянын паспорту менен ишке алчу. Менде андай паспортум жок эле. Ошол базарда айылдаш байкелер, эжелер иштечү. Мен аларга барып "мага ушул базар жакты, мени дагы өзүңөрдүн жаныңарга алгылачы, айлыгы көп, түшкү тамагынан бери берет экен" деп жүрдүм. Өзүмдө деле коркпогон сезимдерим бар экен, тажик улутундагы бир кызга окшош экенмин. Анча-мынча окшошпогон жерлерди окшоштуруп алып, ал кыздын паспорту менен базардын жетекчисине кирдим. Ал паспорттогу тажик кызы менен мени айырмалай алган жок. Ошол эле кыз ошол эле базардын жер-жемиш саткан жагында иштечү. Ал кыз "макул" болуп паспортун берип турган. Мени болсо эт саткан жагында пол жуугуч кылып жумушка алышты. Эки күн иштеп, эки күн бош болчумун. Бош убактымды текке кетирбей ошол жерден чачтарачтын окуусуна тапшырдым.

Өжөрлүк жана мээнет

- Кичине кезимде айылдагы кичинекей кыздардын чачтарын ар түрдүү кылып өрүп, жасалгалап берип, аябай кызыкчу элем. "Баары бир ушул кесипти окуйм" деген кыял көкүрөгүмдө жашачу. Бир жагынан иштеп, бир жагынан окуп, ушул Новосибирск шаарында 1 жыл чачтарачтын курсун окуп, 3-категориядагы чачтарач деген сертификатка ээ болдум. Пол жууп, окуп гана отурбастан ошол борбордук базарда даараткана дагы жууп иштеп жүрдүм. Ал жакка кирген байкелер "карындашым өзүң татынакай эле кыз экенсиң, башка жумуш жокпу" дешсе, айрымдары "сен бизди уят кылып жатасың" деген сөздөрдү айтышчу. Ал сөздөргө маани дагы берген жокмун, намыс дагы кылбадым. Анткени, алдыга койгон, көздөгөн максатыма жетүүм керек эле. Ал кезде Новосибирск боюнча кыргыздардан 2-3 эле сулуулук салону бар болчу. Мен пол жууп жүрсөм дагы, бассам-турсам дагы "дал ушул борбордук базарда өзүмдүн салонумду ачам" дечүмүн. Кулагыма наушник тагып алып, сулуулук салон боюнча аудиокитептерди угуп жүрө берчүмүн. Ошентип "окуган башка, иштеген башка" деген ой менен бир сулуулук салонуна "мени жумушка алгылачы" деп бардым. Ал жерден бактымды таптым десем болот. Анткени, Мирлан Турдибаев аттуу жигит менен таанышып калдым. Учурда ал менин өмүрлүк жолдошум. Мирлан ал салондо мастердин алдында шакирт болуп окуп жаткан экен.

"Лиза" сулуулук салону

- Ошентип, бир күнү ата-энеме "Новосибирскиге салон ачам, иштеп кетерине көзүм жетет" деп сунушумду айттым. Бирок, алар "сен кыз кишисиң турмушка чыгышың керек, эртең ишиң жүрүшпөй, карыз болуп кетсең кандай болот" деп башында аябай каршы болушту. Ал тургай Новосибирскиде чачтарачта иштеген өтө кыйын чебер чачтарач кыздарга "кыздар жүргүлө, борбордук базарга салон ачкана жатам, ал жакта адамдар аябай көп, иш жакшы жүрөт" деп сунуштасам, алар "көзүбүз жетпейт, иш болбой калсачы, биз жылуу жерибизден кеткибиз келбейт" деп баш тартып коюшту. Акыры, азыркы жолдошум Мирлан Турдибаевге кайрылып, салон ача турчу жерди көрсөттүм. Бир гана ушул адам "Элиза сонун планың бар экен, артка кайтпа, мен жардам берем" деп колдоого алды. Ошентип, 2 кишилик сонун салонду ачтык. Ал кезде Мирлан жолдошум тургай, жигитим дагы эмес болчу. Салонго 2 мыкты чачтарачты алып келип берди. Өзү баш болуп каражат жагынан колдоду. Салон ачып, ал иштеп турган учурда дагы пол жууган жумушумду таштаган жокмун. 2016-жылдын апрель айында борбордук базардын тушунда Крылова 24 дарегинде "Лиза" деген ат менен 2 кишилик салон ачып, алгачкы ишимди баштагам. Салонду ачууга ата-энем, бир тууган иним каражат жагынан колдоп беришкен. Баш-аягы 400 миң рублга чукул акча каражаты жумшалган. Ушул эле жылдын сентябрь айында Мирлан экөөбүз баш коштук. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Октябрь айылына келин болдум.

Ийгиликтүү иш

- Ошентип жолдошум экөөбүз үйлөнүп, ата-энелирибиз үлпөт тоюбузду жогорку деңгээлде өткөрүп беришти. Кайрадан Новосбирскиге келип, салонубузду кеңейтүү максатында дагы 2 жерге салон ачтык. Ошондо 3 салон ачууга жетиштик. 3 салонубуздун 2 салону борбордук базарга ачылган. Анын бири атайын эркектер үчүн "BARBERSHOP" деп аталат. Бул жерде 6 чачтарач, 1 администратор иштейт. Ал эми экинчи филиалыбыз "Лиза" салону. Мында жалпы 21 жумушчу эмгектенет. Мында эркектер, кыз-келиндер чачтарачы, кирпик улаган, тырмак жасаган кыздар бар. Үчүнчү филиалыбыз шаардан алыс, 6-кичи райондо жайгашкан 6 орундуу чачтарач. Муну ачканыбызна 1 жылдай убакыт болду. Мындан сырткары, бухгалтербиз бар. Анткени, Россия жергесинде ишкерликти жүргүзүүнүн мыйзамдарын, документ иштерине так болсоң эч ким сага тийишпейт. Жалпысынан эсептегенде 33 кызматкер эмгектенет. Кызматтын бардык түрү бар. "Лиза" сулуулук салонунун негизги кардарлары кыргыздар, орустар, тажиктер, өзбектер, азербайжандар, жала калса негр рассасындагы кардарларыбыз бар. Өзүм кирпик улоо боюнча кызмат көрсөтөм. Америкалык жана башка кардарларым бар. Кудайга шүгүр, англис тилин өтө жакшы билбесем дагы, кардарларым менен англис тилинде эркин сүйлөшө алам. Кардарларыбыздын 40-45 пайызын орус калкы түзөт. Салондо 6 кесип боюнча дагы окутабыз. Алар кирпик улоо, тырмак жасоо, татуаж үйрөнүү, эркектердин чачын тегиздөө, аялдардын чачын жасалгалоо жана ар тараптуу чачтарач деген кесиптерге окутабыз. Учурда иштеп жаткан мастерлерибиздин 50 пайызы ушул салондо окуп, ушул жерде иштеп калышкан. Биздин салондо окуп, иштеп кеткендердин алды Россиянын башка аймактарында, Кыргызстанда өздөрүнүн сулуулук салондорун ачууга жетишип жатышат. Салондундун өзгөчөлүгү - эконом салон болуп эсептелинет. Эконом дегени шаардын калкынын жумушуна, тапкан кирешесине карап коюлган баа. Анткени, эркектердин чачын тегиздөө, жасалгалоо жана башкасы менен 100 рублдан 350 рублга чейин гана акы алынат. Бул Бишкекте чачтарачтардан дагы абдан арзан. Кыргыздар "биздин чачыбыз катуу, калың келет, орустарга түшүндүрө албайбыз, алар кымбат баада тегиздешет" деп айтып калышчу. Чындыгында, орус улутундагылардын чачы жумшак болсо, кыргыздардыкы кайраттуу, коюу болот.

Кайрымдуулук жана боорукерлик

- Жолдошум дагы, өзүм дагы колубуз ачык. Кайрымдуулук, демөөрчүлүк иштерин көп эле кылып келебиз. Жолдошум ар дайым "он колуң бергенди сол колуң билбесин" деп айтып келет. Бирок, көп адамдарга, үй-бүлөлөргө тапкан пайдабызлын 1-2 пайызын жардам катары берип келебиз. "Буга мынча жардам бердик" деп айткым келбейт.

Алдыга коюлган максат

- Азыркы учурда "Лиза" сулуулук салонунда окуп, иштеп кеткендердин саны 300 дөн ашты. Алар өз кесиптери боюнча жумуш орундары менен камсыз болсо, алдылары өз алдынча салон ачууга жетишип кетишти. Биздин алдыга койгон максатыбыз дагы көптөгөн мекендештерибизди окутуу, өз кесиби менен иштеп кетүүгө жардам берүү. Окуп бүткөндө сертификат беребиз. Ал сертификат менен Россиянын каалаган аймагында өз кесиптери боюнча жумушка орношо алышат. Мындан сырткары, жакынкы убакыттарда "Лиза" сулуулук салонунун филиалын окутуу борбору менен биргеликте Кыргызстанга дагы ачууну пландап жатабыз. Ал эми "Лиза" аталып калышына биринчиден өзүмдүн ысымыма уйкаштырдым. Экинчиден, орус улутундагы жана башка улуттун өкүлдөрүнүн айтуусуна ыңгайлуу болуусу үчүн "Лиза" атагам.