Ак-Талаалык С.Сарыгулов арашан койлорду асыроодо

turmush
Скачать
Просмотров: 2083
 
Опубликовано 17 Августа 2022, 13:14

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сыймык Сарыгулов арашан тукумундагы кой асыроо менен алектенүүдө. Анын чарбасы менен аймактык кабарчы таанышты.

Каарманыбыз Сыймык Сарыгулов арашан койлорун көбөйтүүнү максат кылып жаткандыгын айтты.

"Бир туугандарым менен биргеликте асыл-тукум мал асыроо, аны көбөйтүү максатында аракеттерди көрүп жатабыз. Ошол себептен улам өткөн жылы 200 миң сомго арашан тукумундагы көргөзмөлөргө чыгып жүргөн "БТР" каймана аттуу кочкордун тукумунан 4 тиштүү (4 жаш) кочкор сатып алганбыз. Азыр мунун бийиктиги 1 метр, узундугу 1 жарым, салмагы 170-180 килограмм. Ошондой эле ушул кочкордун тукумунан 50 миң сомдон 100 миң сомго 2 козу кочкор алып келгенбиз. Азыр бул экөө 2 тиштүү. Ушул 3 кочкорду күзүндө куутка салабыз. Мындан тышкары, Таласта көргөзмөлөргө чыгарылып жүргөн "Миллион" деген каймана аттуу кочкордун тукумунан 75 миң сомдон 150 миң сомго 2 козу кочкор алып келгенбиз. Анан былтыркы жылы арашан тукумундагы койлордон 15 баш кой алып келип, төлүн алдык. Козуларын 20 миң сомдон саттык. Муну менен токтоп калбастан 80 баш арашан коюн сатып алдык. Буюрса сентябрь айынын ортосунда корообузга алып келебиз", - деди С.Сарыгулов.

С.Сарыгулов арашан койлорду көбөйтүү менен гана чектелбестен сүт багытындагы эчки көбөйтүүгө дагы кызыкдар.

"Желиндери чоң сүт багытындагы эчкилер болот эмеспи. Ошондой эчкилердин тукумунан ар бирин 15 миң сомдон 2 жарым айлык 3 улагын сатып алдык. Үч улактын экөөсү ургаачы, бири теке. Эчкинин сүтү коюу болот жана дарылык касиети дагы бар деп коюшат. Буюрса, сүт багытындагы эчкилерди дагы көбөйтүүнү максат кылуудабыз", - деди Сыймык Сарыгулов.

0705868647 Сыймык Сарыгулов.