Май куючу жайдын жабылышы айдоочулардын убаракерчилиги

turmush
Скачать
Просмотров: 476
 
Опубликовано 12 Августа 2022, 18:12

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы май куючу жайдын жабылып калышы айдоочуларды убаракерчиликке салууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылда жайгашкан Bishkek Petroleum май куючу жайынын жабылып калышынан улам Ак-Тал, Үгүт, Кызыл-Белес, Тоголок Молдо, Ак-Кыя жана Жаңы-Талап айылдарына учурда көмүр тартып жаткан айдоочуларды убаракерчиликке салууда.

"Учурда бир катар айыл өкмөттөрүнүн бюджеттик мекемелерине көмүр отунун тартып жатабыз. Көмүрдүн сапаты жакшы. Бизде бир кыйынчылык болуп жатат. Биз учурда Кара-Кечеден көмүр тартып жатабыз. Кара-Кечеге Соң-Көл аркылуу барып-келүүдөбүз. Күйүүчү майды жыл сайын Ак-Тал айылындагы жалгыз май куючу жайдан куюп алып, кайра Кара-Кечеге кетчүбүз. Учурда бул май куючу жай жабылып калып, майды 50-60 чакырым аралык жол жүрүп барып Баетов айылынан куюп келүүдөбүз. Биринчиден, биздин Баетовго барып-келүүгө убакытыбыз кетип жатат. Экинчиден, ал жактан барып май куюп келүү үчүн эле ашыкча чыгым болуудабыз", - дейт айдоочулар.

--
Отправлено из Mail.ru для Android