Акыр-чикирден арылбаган айыл

turmush
Скачать
Просмотров: 1070
 
Опубликовано 6 Августа 2022, 21:17

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын көчөлөрү жашоочулардын кайдыгерлигинен улам таштандыдан арылбас болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылда "Таза Баетов" ишканасы эки жумада бир жолу ишемби жана жекшемби күндөрү айылды кыдырып ар бир үйдүн ташдандыларын чыгарып кетип жаткандыгына карабай көчөлөр, арыктардын ичи балмуздактын тыштарына, желим жана айнек бөтөлкөлөргө жана целлофан баштыктарга толуп калат. Өзгөчө эл көп жүргөн борбордук Манас көчөсүндө жайгашкан дарыканалар, дүкөндөрдүн айланасы, райондук оорукананын асты, аялдамалардын айланасы таштандыдан такыр арылбайт.

"Таза Баетов" ишканасынын жумушчуларынын бири дарыканалардын айланасы медициналык спирттин бөтөлкөлөрүнө толуп каларын айтты.

"Айылдын тазалыгын кармаганга аракет кылып көчөлөрдү тазалап жатабыз. Ар бир жашоочу өзүнүн айланасын таза кармашса, калганын биз өзүбүз тазалап турат элек. Тескерисинче, булар короосунан чыккан акыр-чикирлерди көчөгө алып чыгып, ачыктарга таштап салышат. Көчөдө ары-бери баскандар ичкен суусундугунун бөтөлкөсүн, жеген балмуздагынын сырттарын, айтор колундагы таштандыны кетип бара жаткан жерине эле таштап салып кете беришет. Ары жакта турган таштанды челекке салып коюшкандан эринишет. Өзгөчө, алкаголь ичкендер дарыканалардан спирт алышып, ага суу кошуп ичишет дагы бөтөлкөсүн ошол ичкен жерине эле таштап салып кете беришет. Уят да. Ошол дарыкананын, дүкөндөрдүн ээлери деле айлана-чөйрөсүн таза кармашпайбы. Биз тазалаганыбызды койбойбуз, жашоочулар таштанды таштаганды коюшпайт. Таштанды түгөнбөй койду. Урматтуу жашоочулар, кандайдыр бир пайызда силер айылдын тазалыгын сактап койгулачы. Калганын биз тазалайбыз", - деди нааразы болгон жумушчу.

Ал эми "Таза Баетов" ишканасынын башчысы Токтосанат Сапарбеков 2 күндө 30 тоннага чукул таштанды чыгарышарын айтты.

"Ишканада жалпы 3 жумушчу иштейбиз. Эки жумада бир жолу айылды көчөмө көчө кыдырып элдин таштандысын алып кетебиз. Айына таштанды үчүн 67 сом төлөшөт. Аны деле көпчүлүгү төгүшө элек. Ошондо ишемби жана жекшемби күндөрү 6-7 "КамАЗ" таштанды чыгарабыз. Бул деген 30 тоннадай таштанды дегенди билдирет. Айылдын күн чыгыш тарабындагы Кара-Чий чөлкөмүндө 1 гектар аянтка таштанды төгүүчү жай (полигон) ачылган. Айланасы тосулган, бардык тиешелүү документтери бар жападан жалгыз таштанды төгүүчү жай. Таштанды төгөбүз, үстүн топурак менен көмөбүз. Негизи, биздин ишкана айыл өкмөткө тиешелүү муниципалдык жерлерди тазалоого жана элдин таштандысын кыдырып алып кетүүгө гана милдеттүүбүз. Ар бир дүкөндүн, мамлекеттик мекемелердин, дарыканалардын, ар кимдин эшигинин алдын тазалап берүүгө милдеттүү эмеспиз. Айрым жашоочулар үйүндөгү ташдандыларын айылдын сыртына алып чыгып төгүп салышат. 2 жума күтө турушса биз кыдырып чыгабыз да", - деди Т.Сапарбеков.

--
Отправлено из Mail.ru для Android