Ак-Талаада 6 айылдын эли май куйуучу жайдын жабылышына нааразы

turmush
Скачать
Просмотров: 2356
 
Опубликовано 2 Августа 2022, 18:59

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 6 айылдын жашоочулары Ак-Тал айылындагы май куйуучу жайдын жабылып жатышына нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 2-август күнү Жаңы-Талап айылынын тургуну Акылбек Бексултановдун айтымында, Ак-Тал айылынын этегинде жайгашкан "Bishkek Petroleum" май куйуучу жайы иштеп келген. Бирок, май куючу жай аталган компаниянын өзү тарабынан жабылып жаткандыгына байланыштуу ал май куйуучу жайдан күйүүчү майлар менен камсыз болуп келген Тоголок Молдо, Ак-Кыя, Кызыл-Белес, Жаңы-Талап жана Ак-Тал айылынын жергиликтүү жашоочулары нааразычылык билдирип чыгышып, өлкө башчысы Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков жана Мирлан Самыйкожого кайрылуу жасашууда.

"Бул май куйуучу жайдан аркы өйүздөгү 4 айылдын, берки өйүздөн Ак-Тал, Үгүт айылынын жашоочулары солярка, бензин алабыз. Ошондой эле Нарын - Баетов унаа жолунда каттаган унаалар күйүүчү май менен камсыз болуп турушат. Бул ушул чөлкөмдөгү жападан жалгыз май куйуучу жай. Учурда тоют топтоо иштери жатат. Буга күйүүчү майлар керек. Алдыда дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгү башталат. Ага дагы күйүүчү май керек. Кыш келе жатат. Бул жак чөлкөм көмүр тартуу үчүн ушул жайдан май куюшат. Бул май куйуучу жай жабылып калса биз каякка барабыз? Бул жагыбыз Нарын шаарына 100 чакырым, биягы Баетовго чейин 50 чакырым жол. Ал жактарга жетүү карапайым калк үчүн кыйын. Бул май куйуучу жай жабылып калса биз кантип оокат кылабыз", - дешет нааразычылык билдиришкен жашоочулар.