Ак-Талаанын Арпа жайлоосунда чегирткелер жайнап кетти.

turmush
Скачать
Просмотров: 5861
 
Опубликовано 11 Июля 2022, 16:57

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Арпа жайдоосунда 3 жылдан бери зыянкеч чегирткелер көбөйүп жаткандыгын айтышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа районунун тургуну Нургазы Медербеков аталган жайлоодо 3 жылдан бери зыянкеч чегирткелер көбөйүп жаткандыгын айтты.

"Мен 29-июнь күндөрү Арпа жайлоосуна барып жер жайнаган чегирткелерге күбө болдум. Өткөн жылы дагы чегирткелер ушундай көбөйүп кеткендиктен улам июнь айларында пикап унаалар менен барышып, дары чачышып кеткен экен. Өлүп калган дешти. Бирок, ушуну тээ май айларында, личинкаларын таштай электе дары сепкенде жоголмок да. Азыр эми чегирткелер личинкаларын таштап коюшту. Мен Арпа жайлоосунун Ак-Чий айыл аймагына караштуу Ачанын-Жээги деген жерде көп экен. Малчылардын айтымында, ары Коңорчок айыл аймагына тиешелүү жерлерде да бар дешти. Мен барган жердин этек жагында чоң-чоң, жогору жагында майда-майда, өңү кара чегирткелер каптап кетиптир. Унаалар менен чегирткеге каршы уу дарыларды сепкенде билбейм, канчалык деңгээлде таасир этерин. Шамалга карап чачыратып экен. Ошентсе деле унаалар бийик тоонун кырларына чыга албайт, кокту-колотторго түшүп-чыга албайт да. Атайын дрондор менен чачышса болмок. Бир жылдары Ат-Башы районунун ички жайлоолорунда чегирткелер көбөйүп кетип, дрондор менен дары чачкандарын көрдүм эле. Дрондөр менен чачраса болбойт го. Жайыт чөптөрүн чегирткелер эле талкалап салып жатпайбы. Жыл сайын ал жайлоодо жайлап жүргөн малчылардын айтымында чегирткелердин мындай көп болуп жаткандыгына быйыл үчүнчү жыл дешет", - Н.Медербеков.

Ал эми Ак-Чий айылынын малчылары чегирткелер чатырга чейин кирип жатышкандыктарын билдирди.

"Биздин Арпага көчүп келгенибизге 10 күн болду. Жайытты чегирткелер жеп бүтмөй болду. Тигипиалган чатырларыбызга биз жашабай эле, чегирткелер жашап калды. Чегирткеге каршы уу чачып жүргөндөр "бул жагы биздин планда жок болчу, бул жакка чачпайбыз, кетебиз" деп коюшту. Келип бир балээ кылбасаңар, анда биз августта эле көчүп кетебиз го", - дешүүдө малчылар.

Бул боюнча Ак-Талаа райондук өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Жаныш Карасартов чегирткелерге каршы уу чачуу иштери жүрүп жатканын айтты.

"Атайын түзүлгөн комиссия Арпа жайлоосуна барып, Каракол суусунун жээгинен тарта Терек айыл аймагына караштуу Бөйрөк-Булак чөлкөмүнө изилдөө иштерин жүргүзгөнүбүздө чегиртке абдан аз болчу. Андан тышкары, Баетов айыл аймагына тиешелүү Балык-Жон, Ичке, Ит-Өлгөн, Алмамбет, Арал чөлкөмдөрүн дагы караганбыз. Чегирткелер бар, бирок аз болчу. Ошондой эле Ак-Чий айыл аймагына караштуу Ачанын-Жээги чөлкөмүнө барганбыз. Чегирткелер бар болчу. Бирок, майда жана 1 метр квадрат жерде 2-3 төн гана чегиртке болчу. Мындан тышкары, Коңорчок айыл аймагына тиешелүү Бурганды, Чатыр-Таш чөлкөмдөрүн барып караганбыз. Алдакта чегиртке жок болчу. Изилдөөнүн негизинде чегиртке толук чыккандан соң 10 күндөн кийин чегирткеге каршы иш жүргүзүү чечимин кабыл алганбыз. 5-июлдан тарта Терек айыл аймагынын Каракол, Бөйрөк-Булак, Баетов айылынын Ит-Өлгөн чөлкөмдөрүнө чегирткелерге каршы уу дарыларды чачышты. Калган чөлкөмдөргө дагы чачуу иштери жүргүзүп жатышат", - деди Ж.Карасартов.

--
Отправлено из Mail.ru для Android