Бакчасынан баар тапкан ак-талаалык багбан Т.Ажыманбетов

turmush
Скачать
Просмотров: 2105
 
Опубликовано 5 Июля 2022, 21:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Тариэл Ажыманбетов алмурут, карагат, алманын түрүн өстүрүүдө. Багбандын бакчасы менен аймактык кабарчы таанышып чыкты.

Каарманыбыз Тариэл Ажыманбетов эч нерсе өспөйт деген Ак-Талаа жергесинде өзүнүн чакан бакчасына карагаттын 4 түрүн, алмуруттун 2 түрүн, өрүктүн 3 түрүн, кокон гиллас жана ошондой эле мүшөктүн ичине бадыраң өстүрүп, бакча жемиштерин өзү өндүргөн биогумус менен азыктандырып келүүдө.

Ал алмага караганда алмурут өстүрүү оңой болгондугун айтты.

"Алмурут өстүрүп жатканыма 4 жылдын жүзү болду. Алмуруттун "Токой периси" жана "Талгарка" деген 2 түрүн өстүрүп жатам. "Токой периси" деген түрү эрте бышат. Алма өстүрүүгө караганда алмуруттун бул түрүн өстүрүүгө азыраак мээнет кетти. Августта бышып, жегенге жарап калат. Ал эми "Талгарка" түрүн "Алмуруттун атаманы" деп коёт экен. Чоң-чоң өсөт. Муну октябрь айынын аягы, ноябрь айынын башында терип алсаң январь айы ичи жейт экенсиң да. Таттуу дагы болот. Эл "алмурут өспөйт" дей беришет. Элге "мына өстүргүлө, өсөт көрдүңөрбү" деп көрсөтүп жатам. Мындан тышкары, ак өрүк, кара өрүк жана Лейлекте өскөн кандек өрүк деген өрүктүн түрүн өстүрүүдөмүн. Кандек өрүккө 2 жыл болду. Бул деле мөмөсүн байлады. Ошондой эле, түштүк жергесинде өскөн кокон гиллас отургузган элем, бул деле өстү", - деди Тариэл Ажыманбетов.

Т.Ажыманбетов 6 жылдан бери карагаттын 4 түрүн өстүрүп, көбөйтүүнүн үстүндө иш алып барууда.

"Бул жерде карагаттын 4 түрү бар. Мындан 5 жыл мурун отургузгам. Ак карагат, кызыл карагат жана кара карагаттын 2 түрү бар. Карагат өстүрүү оңой экен да. Болгону суусун кенен берип, түрүн жумшартып туруу зарыл. Бул жерде мурун отургузган 70-80 түп карагат болсо, быйыл 120 түп карагат отургуздум. Карагаттын ар бир түбүнөн 1 чакадан түшүм алып, 1 килограммын 250 сомдон саттым. Учурда ак карагат менен кызыл карагат бышып, терип алып саттык. Ал эми кара карагат кечирээк бышат экен. Быйылкы жылы отургузган карагаттарды буйрутма менен Польша өлкөсүнөн "Тибен", "Тизель" жана "Бен Тиран" түрлөрүн алдыртып, отургуздум. Элге кайрылып кетет элем. Бакыт, берекени башка жактан издебей бакчадан деле издесек, аракет кылып иштесек болот эле. Бул деле киреше булагы. Меникиндей бакча ар бир үйдө бар. Мисалы, мен бул бакчама жалаң карагат отургуза турган болсом бери дегенде 1 миң түп карагат батат. Ар бир түбүнөн чакадан карагат алсак, аны сатсак 1 жарым миллион сомдон ашык акча болуп жатпайбы. "Бизде өспөйт, түштүктө өсөт, Чүйдө өсөт" дешет. Мынакей, өсүп эле жатат", - дейт багбан.

Мындан тышкары, бакчасында мөмө жемиштерин өзү өндүргөн биогумус менен азыктандырарын айтты.

"Жер-жемиштерди, бакча жемиштерин өстүрүү үчүн ар кандай химиялык жер семирткичтерди сатып алышып, ошонун күчү менен өстүрүүгө аракеттенишет. Эгер, таза органикалык жемиш жейм десең таза органикалык жер семирткичтерди колдон. Ал өзүбүздүн эле корообузда турат. Малдын тоютунан калган кашек, акыр-чикир, малдын кыгына Калифорния сөөлжандарынан 30 килограмм алып келип коё бергем. Таза органикалык биогумус өндүрүп, ошону менен бакча жемиштерди, жер-жемиштерди өстүрүп жатам. Кимде ким жер-жемиш өстүрөм, аракет кылам десе сөөлжандарды бекер эле берем. Болгону жалкоолукту, кур шылтоону токтотуп, аракет кылбайлыбы", - деди Тариэл Ажыманбетов.