Кочкор районундагы Кочкор—«Фрунзе» колзозу—Кашаң-Бээ унаа жолунун 1 чакырым жолуна асфальт төшөлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Д.Алканов атындагы №955 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Кубанычбек Бейшеналиев билдирди.
Маалым болгондой, аталган унаа жолдун 6-7 чакырым аралыктарында асфалттоо иштери жүргөн.
Буга чейин 201 -жылы асфальттоо иштери жүрүп, жолдун бир чакырым аралыгы калып калган. Ошондон бери жолдун бул бөлүгү Кош-Дөбө айыл аймагына баруучу айдоочуларга көйгөй жаратып келген.
Жолду асфальттоо иштерин №955 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп жатат.