Соң-Көлдө белгисиз оорудан улам мал жандыктары өлүп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 4094
 
Опубликовано 22 Июня 2022, 15:16

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда белгисиз оорудан өлүп жаткан малдарлы аныктоо үчүн ветадистердин тобу жөнөп кетишкендигин район акими Жумадилла Жапаров билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин Тоголок Молдо айылынын тургундары Соң-Көл жайлоосунда мал жандыктары белгисиз оору менен ооруп, айрым малдар өлүп жаткандыгын кабарлашкан. Буга байланыштуу райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы баш болгон ветадистертин жоон тобу Соң-Көлгө жөнөп кетишти.

"Соң-Көлгө ветадистердин тобу жөнөп кетти. Эмне оору экендигин аныктап, тактап келишет жана ошого жараша ыкчам чаралар көрүлөт. Бул боюнча дагы кошумча маалымат беребиз", - деди аким Ж.Жапаров.

Ал ортодо өлгөн малдарды кол арабага салып барып, аңгекке ыргытып жатышкандыгы маалым болду.