Ак-Талаалык Ш.Туратбековдун өзгөчө кол эмгектери

turmush
Скачать
Просмотров: 2123
 
Опубликовано 2 Июня 2022, 11:48

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынын 20 жаштагы тургуну Шабдан Туратбеков көпчүлүктү таң калтырган кол өнөрчүлүк кылууда. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Каарманыбыз Шабдан Туратбеков бүтүндөй үй бүлөсү менен кол өнөрчүлүк кылышарын айтты.

"Биз үй-бүлөбүз менен кол өнөрчүлөрдүн династиясыбыз деп койсом болот. Анткени, ата-энем жана 3 агам дагы кол өнөрчүлүк менен алпурушат. Атургай, бардыгыбыз тең көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайында окуганбыз. Бир учурда 3 кесиптин ээси болуп калдым. Анткени, окуу жайда керамика бөлүмүндө 7 студент окучубуз. Анын баардыгы тең окуудан чыгып кетип, өзүм жалгыз калгандыктан улам көркөм сүрөт бөлүмүнө которулуп кетүүгө аргасыз болдум. Ошондо, керамика, көркөм сүрөт боюнча билим алып чыксам, ал эми тери бетине сүрөт түшүрүүнү агаларымдан үйрөнүп алдым. Чоподон идиш-аяктарды, ар кандай сувинерлерди жасайм. Ошондой эле, панно деп коёбуз. Башкача айтканда, уй терисине ар түркүн сүрөттөрдү, оймо-чиймелерди түшүрөм. Мындан тышкары, замандын талабына ылайык булгаарыдан капчык, ачкычы салгыч, баштык, барсетка, эркектерге кур сыяктуу буюмдарды жасап, сатам. Көбүн эсе буйрутма аркылуу, кардарлардын табитине ылайыктап жасап берем", - деди ал.

Өзгөчө кол өнөрчүлүк менен алектенген Шабдан мырза бийлик колдоп берсе бут кийим тигүү цехин дагы ачууга даяр

"Учурда айылдагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде 8 айдан бери кол эмгек мугалими болуп эмгектенип келе жатам. Окуучуларымдын арасында булгаары менен иштөөгө, керамикага кызыккан окуучуларым бар. Аларга өнөрүмдү үйрөтүп келе жатам. Атайын булгаары менен иштөө, үйрөтүү боюнча ийрим ачсамбы дегем. Ал үчүн билим берүү борбору ылайыктуу болуп турат. Мындан тышкары, быйыл үй-бүлөбүз чакан цех ачууну пландап жатабыз. Бирок, ал үчүн атайын жабдууларга муктажбыз. Каражат жагы дагы жетишсиз болууда. Эгер, жергиликтүү бийлик кандайдыр бир долбоорлор менен колдоого алып беришсе булгаары бут кийимдерди тигип, чакан цех ачууга даярмын. Бир байке мага "Шабдан, бут кийим дагы тиге аласыңбы?" дейт, мен байкеге карап "байке, акча салган капчыктарды кандай тиксем, бут кийимди деле ошондой тигип, жасай алам" деп жооп бердим. Булгаары иштетүү боюнча цех ачуу оюмду айыл өкмөткө айтсам "долбоор жаз" деп койду", - деди Ш.Туратбеков.

Улуу өнөрдү улап жүргөн Шабдан мырза кол өнөрчүлүк боюнча көп эле көргөзмөлөр, сынактарга катышып, байгелүү орундарды багынтып келет.

"Райондук облустук, республикалык деңгээлдеги көп эле көргөзмөлөргө, сынактарга катышып, алдыңкы орундарды камсыздап эле жүрөм. Керамика буюмдарды, сувинерлерди студент кезимде жасагам. Азыр атайын жабдыктарым жок болгондуктан айылдан жасай элекмин. Учурда, далаң булгаары менен иштеп жүрөм. Баштык, капчык, паного буйрутмаөар түшүп турат. Көпчүлүгү курга буйрутма беришет. Булардын баасы ар кандай. Көлөмүнө, материалына, жасалышына карай бааланат. Айрымдар белек кылууга, үйүнө сувинер катары жасатышса, айрымдар пайдалануу үчүн жасатып кетишет", - деди Шабдан мырза.