Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Ак-Суу-Майлуу-Сай унаа жолун сел алып, 7 миңден ашык жашоочусу бар айыл аймак район борбору менен байланышсыз калды.
Аким Замирбек Сыдыковдун айтымында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон түшкөн кыян суу унаа жолдун эки жеринен жеп, 3 унаа орто жолдо калган. 3 киши куткарылды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, район борбору менен байланыштырган жолдун жоктугу айыл элинин чочутту.