Ак-Талаада алгачкылардан болуп өзгөчө канаттуу багып жаткан Жумабек Буйлашов.

turmush
Скачать
Просмотров: 4798
 
Опубликовано 21 Мая 2022, 15:45

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 62 жаштагы тургуну, почта кызматкери Жумабек Буйлашов 4 жылдан бери цесар канаттуусун багып келүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Каарманыбыз Жумабек Буйлашов үй канаттууларынын ичинен цесар канаттуусун көбөйтүүнү максат кылууда.

"Бишкектен 3-4 баш цесар алып келгем. Алып келгениме 4 жыл болду. Алып келгендердин 1 корозу, 1 мекияны калган. Бул жактын шартына көнбөй жатышып, 2 жыл көбөйгөн жок. Тууп жатты, бирок жумуртка баспай койду. Кийинки жылы гана басты. Учурда 9 баш ургаачы, 1 баш эркеги бар. Бул канаттуу абдан "шустрый" болот экен. Ылдам басып, чуркап жана учат. Азыр бул жерден көрсөң, бир заматта тигил жерде болуп калат. Негизи, буларды учпаш үчүн канаттарын кесип коюш керек экен. Бирок, кескен жокмун. Ит-куштан аябай сактанып, чоочун адамдарды "айкырып-кыйкырып" жолотпойт. Улар, кыргоол сыяктуу өтө сонун, кооз шаңшыйт. Айыл ичи болгондуктан үйдөн 2-3 квартал алыс кетип оттоп кетишет. Мисалы, үндүк, тоок мындай алыс кетип калса келбейт да. Булар кечинде кайра үйдү таап келишет. Эркеги укмуш коргоочу. Алсак, ургаачысы жөжөлөрүн ээрчитип алып, оттоп жүрсө, эркеги кадимкидей дөңсөө жерге туруп алып, айлана-чөйрөнү, асманды карап, ит-куштардын алдын алып турат. Анан кадимкидей эле арпа, буудай, жүгөрү сыяктуу дан өсүмдүктөрү менен азыктанат", - деди Жумабек мырза.

Өзгөчө, кооз канаттуунун көбөйүшү тууралуу дагы кызыктуу факторлорду айтты.

"Булар бир жайда бирөөсү эле 60 даана жумуртка тууйт. Күзгө жуук жумурткасын басышат. Туура 29 күндө жөжөлөрүн чыгарат. Бирок, жаш цесарлар 1,5 жылдан соң гана басып баштайт экен. Анан калса, жумурткасын туугандан кийин 10 күн гана сактап, дароо бастырбаса, 10 күндөн ашык туруп калган жумурткасынан жөжө чыкпайт. Жумурткасынын кабыгы калың, абдан катуу болсо, чел кабыгы дагы калың жана чоюлчак болот экен. Мисалы, үндүк менен тооктун жумурткасы бир-бирине бир аз катуурак тийишип калса сынып кетет эмеспи. Булардын жумурткасы оңой менен сынбайт. Анан калса, жумурткасы үндүк менен тооктун жумурткасына караганда коюу болот жана көлөмү тооктукунан бир аз кичирээк болот. Ошон үчүн муну көбөйтүү кыйын экен. Учурда, жумурткаларын тоокторго бастырып жатам. Алгачкы жөжөлөрүн чыгарып баштады. Жөжөлөрү дагы абдан тың жана бат чоңоёт. Кызыгып, сатып алабыз дегендер болуп жатат", - деди Ж.Буйлашов.

Ошентип, Ак-Талаа жергесинде биринчилерден болуп цесар канаттуусун асырап жаткан Ж.Буйлашов аталган канаттууну көбөйтүүнүн үстүндө иш алып барып жаткандыгын, азырынча канаттууну жана жөжөлөрүн сатпастыгын, дагы бир аз көбөйтүп алып, андан соң гана кызыккандарга сатарын баса белгиледи.