Ийилген имарат

turmush
Скачать
Просмотров: 1812
 
Опубликовано 26 Апреля 2022, 16:46

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун имараты кулагана калганы аз келгенсип лаборатория бөлүмү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн имараты 1967-жылы курулган. Имараттын эскилиги жеткендиктен улам, бүгүнкү учурда кулап калуу коркунучунда турат.

Аталган борбордун кызматкерлеринин айтымында, имараттын пайдубалы жерге чөгүп кеткендиктен көрүнбөй, дубалдарынан жарака кетип, силкилдеп турат. Ал тургай дубалдары тешилип кагаз картондор менен жамалган. Полдору чирип, тешилип, сүлкүлдөп калган. Үстүңкү чатыры талкаланып калгандыктан жаан-чачын учурунда имарат ичине шорголоп тамчы агат. Каалга, терезелери кажып, жазылбай калган. Имараттын үстү кермедей болуп ийилип турат.

Ал эми лаборатория бөлүмүнүн имаратында суу түтүктөр, канализациясы жок. Фин үлгүсүндө курулган. Жылытуу тутуму жок болгондуктан илгерки кантромарка мештер менен жылытылат. Мештери дагы тешилген, жамачыланган. Бул боюнча 2012-жылы Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү тарабынан түзүлгөн комиссия тарабынан имарат пайдаланууга жараксыз деп табылган.

"Има­ратыбыз абдан эски. Кулап калуу коркунучунда турат. Кудай сактасын, бирок Кудай дагы сактанганды сактайт. Катуурак жер титирөө болсо же окшойт кар жааса имарат кулап эле калат. Кызматкерлер коркунуч менен иш алып барышат. Пайдубалы жерге чөгүп берип, жоголуп кеткен. Ушул имараттын ичинде кызматкерлер кандай иш алып барып жатышкандыгы белгилүү эле да. Күн сайын коркуу менен иштейбиз. Тешилшен дубалдарын картон менен жамап алганбыз. 21-кылымда имаратты кагаз картон менен жамап-жазгап туруу - шылдың да. Кулагана калганы аз келгенсип лаборатория бөлүмү өрттөнүп кетти. Мурдагы күнү жааган жамгырдан улам үстүнөн тамчы агып, аккан тамчы исиндеги электр чубалгыларына тийип, натыйжада өрт чыгып, лабораториялык имараттын бир бөлмөсү өрттөнүп кетти", - деди нааразы болгон кызматкерлер.