Райондун Үч-Коргон айыл аймагындагы Дүкүр участкасында эрте жазда ички канал тазаланып, андан чыккан топурак жол четине ташталган. Мындан улам жол тар болуп, жергиликтүү дыйкандарга түйшүк болууда.
Айыл туругуну Аваз Медетовдун аталган участкада 2 гектарга жакын жери бар. Элеттик дыйкан мында дарбыз айдап, малга тоют катары беде эккен. Ал бир ай аралыгында беде орум башталаарын айтып, бирок жолдун тардыгынан комбайн үлүш жерге кире албастыгын айтты.