Аксылык дыйкандардын эгин талааларына суу жетпей, көчөттөр куурай баштады

turmush
Скачать
Просмотров: 1321
 
Опубликовано 18 Апреля 2022, 13:51

Маалым болгондой, райондун Үч-Коргон айыл аймагындагы насостук станция бузулуп, суу өз убагында эгин талааларга жетпей, дыйкандар эккен дарбыз көчөттөр куурап жатат. Айласы куруган элеттик дыйкандар суу ташып куюга да мажбур болушууда.
Үч-коргондук Мирбек Абышов быйыл 3 гектар жерге дарбыз менен коон айдаган. Элеттик дыйкан өткөн жылы адистердин суу мол болот, насостор жаңыланды деген сөзүнө ишенип, бул жылы эки эсе көп жерге дыйканчылык кылганын, бирок ушул кезге чейин суу чыкпай, тигилген көчөттөр куурап жатанын айтат.