Ысык-көлдүк айдоочулар Караколдун базарына уюшулган автобекеттин абалына нааразы болууда

turmush
Скачать
Просмотров: 506
 
Опубликовано 16 Апреля 2022, 13:45

Каракол шаарынын базарынын ар кайсы жеринде туруп, эл ташыган кичи автобустар үчүн жергиликтүү бийлик «Ак-Тилек» базарына автобекет уюштуруп берген. Бүгүн анын абалына айдоочулар нааразы болууда.

Алардын айтымында, бул жерден кичи автобустар Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондоруна каттайт.

«Бурма-Суу, Челпек, Жон-Булак, Кызыл-Суу, Токтоян, Сары-Тологой, Боз- Булуң, Михайловка, Жети-Өгүз, Жети-Өгүз курорт, Теплоключенка айылдарына кетчү кичи автобустар турат. Автобекет уюштуруп, бизди көчүрүп жатканда бардык шарттар болот деди эле. Автобекеттин кире бериши жаан, карда сууга толот. Автобекеттин ичи толук цементтелет деп айтылган. Ал дагы ишке ашкан жок», - деди айдоочулар.