Канал казуу иштери кызуу башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 275
 
Опубликовано 6 Апреля 2022, 15:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы талаа жумуштарына даярдыктар көрүлүп, сугат суу каналдарын тазалоо иштери кызуу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 6-апрель күнү Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылынын дыйкандары Жаман-Даван дайрасынан сугат суусу агып келе турчу Эски-Чегиртке канатынын 5 километр тилкесин кол күчү менен казып, тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Аталган канал аркылуу бери дегенде 2 миң гектар аянтка сугат суусу жеткирилет.

Район акими Жумадилла Жапаров техникалардын күчү менен тазалана турчу каналдар үчүн акча каражаттар бөлүнгөндүгүн айтты.

"Жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө жана дыйкандарды сугат суусу менен камсыздоо максатында ири ирригациялык каналдарды тазалоо иштерин дыйкандарды мобилизациялоо аркылуу жүргүзүп жатабыз. Жалпы район аймагы боюнча техника бара албаган жалпы 184 километр канал кол күчү менен тазаланып жаткан болсо, мындан тышкары техникалардын күчү менен жалпы 100 километрден ашык каналды тазалоону пландаганбыз. Бул үчүн атайын фонд түзүп, фонддун эсебинен техникалардын күйүүчү майы үчүн айыл өкмөттөргө акча каражатын бөлүп берүүдөбүз. Каналдарды тазалоо иштери аяктаса, 4-5 күндүн ичинде суу берилип баштайт", - деди аким.