Кош-Дөбө - Макмал унаа жолу кароосуз калдыбы?

turmush
Скачать
Просмотров: 2248
 
Опубликовано 5 Апреля 2022, 14:03

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын жашоочулары 40 чакырым Кош-Дөбө - Макмал унаа жолу кароосуз калгандыгын, ал жерге ал жерге жол тейлөө ишканасынын бөлүмчөсүн ачып, жол сүрдүрүүчү техника коюлуш керектигин Кыргыз Республикасынын жол, транспорт жана коммуникация министрлигине билдирүү жасашты.

Аталган айылдын коомдук ишмери Манас Насиров Кош-Дөбө - Макмал аралыгында стратегиялык маанидеги унаа жол 20 жылдан бери кароосуз калгандыгын айтты.

"Эң акыркы айыл Кош-Дөбө болуп калат. Чындыгына келгенде, биздин нары Тогур-Торо району бар. Бизден Тогуз-Торо районуна чейин 86 чакырым жол. "Макмал" алтын кенине чейин 40 чакырымды түзөт. Ошол "Макмал" кенине жетип алсак, андан ары заңгыраган жол. Ушул жерде союздун учурунда жол тейлөө ишканасынын бир бөлүмчөсү турчу. Бул жерде Ак-Моюн деген кичинекей ашуу бар. Ошол бөлүмчөдө жолчулардын үйү, техника токтотуучу жайы турган. Бул маселе министрликтин эле ички иши. Убагында, "Кыргызалтын" ишканасы менен Кыргыз Республикасынын жол, транспорт жана коммуникация министрлигинин ортосунда эле келишимдер боло калып, министрлик өзүнүн балансынан чыгара коюп, "Кыргызалтын" ишканасына бере коюп, кийин кен казуу токтогондо жол ортодо кароосуз калып кетти. Ошол жолду сүрдүрүп, тазалап туруу үчүн бир техникасы менен жол тейлөө ишканасынын бөлүмчөсүн коюш керек. Ал жол аркылуу Чолок-Кайың, Жерге-Тал жана Кош-Дөбө айылынын эли Жалал-Абадга, керек болсо Бишкекке чыгып кеткенге аябай чукул. Ары жагыбызда Өзбекстан деген "килейген ажыдаар" жатат. Биздин элдин ал өлкө менен соода-сатык кылуусуна аябай жакшы болмок. Биз айткан жерге жол тейлөө ишканасынын бөлүмчөсүн кайра ордуна коюп бергиле", - деди ардагер М.Насиров.