Ак-Тал айылынын эли бала бакчасыз калууда

turmush
Скачать
Просмотров: 517
 
Опубликовано 2 Апреля 2022, 18:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында бала бакча жоктугунан улам балдар менчик турак-жайда тарбияланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдагы "Ак-Тал" бала бакчасынын имараты 1961-жылы курулган. Курулган тарта 1990-жылга чейин бала бакча катары пацдаланылып келип, союз тараган соң бала бакча жабылып, 2008-жылга чейин имарат айылдын ар кандай муктаждыктарын жараша колдонулуп келген. 2009-жылы кайрадан бала бакча ачылган. Бирок, эскилиги жетип калган бала бакчанын имараты 2016-жылдын 7-январь күнү болуп өткөн катуу жер титирөөдөн улам имарат пайдаланууга жараксыз экендиги боюнча Нарын облустук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан авариялык абалга кептелгендини аныкталып, бала бакча экинчи жолу жабылууга дуушар болгон. Ошондон бери же тактап айтканда 6 жылдан бери бала бакча менчик турак-жайда ишмердүүлүгүн аткарып келет.

"Ак-Тал" бала бакчасынын башчысы Айгүл Макеева бала бакчанын жоктугу элдин олуттуу көйгөйүнө айлангандыгын айтты.

"Менчик турак-жайда иштеп жаткан бала бакчада жалпы 60 бала тарбияланууда. Менчик турак-жайдын тардыгы, бөлмөлөрдүн жетишсиздиги, кир жуучу жана ашкана үчүн бөлмөлөрдүн жоктугу, кошумча балдарды кабыл алууга орундар жок экендиги олуттуу көйгөй жаратып жатканы аз келгенсип, турак-жай дагы кожоюну тарабынан сатыкка коюлду. Имарат сатылып кетсе айыл эли бала бакчасыз калат. Жаңы бала бакча куруу үчүн жер тилкеси чечилип, тиешелүү долборлоо документ иштери толук бүткөрүлүп, 45 млн сомго 90 орундуу типтүү бала бакча куруу долбоорлонгон. Бирок, жаңы курулуштардын титулдук тизмесине кирбей, акча каражаты бөлүнбөй, элдин олуттуу көйгөйүнө айланып калды", - деди бала бакча башчысы.