Терек-Сай суусуна суу курулмасын куруу зарыл

turmush
Скачать
Просмотров: 344
 
Опубликовано 31 Марта 2022, 23:36

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Байгөнсөк айылынын дыйкандары Терек-Сай суусуна суу курулмасын куруу зарылдыгын билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 31-март күнү Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков иш-сапары менен аталган айылдын эли менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл аксакалдары сугат суу тартыштыгы талылуу көйгөй болуп жаткандыгын баса белгилешти.

Айыл аксакалы Жапаралы Токтосунов айыл этегиндеги 200 гектар аянтка сугат суу жетпей жаткандыгын айтты.

"Терек-Сай суусунун башынан бизге сугат суусу жетпей жатат. Сууну буруп алып турууга кубаттуу техникабыз жок. 1980-жылдары сайдын башына суу сактагыч куруу пландалып, долбоорлонгон экен. Ал убакта акча каражатынын тартыштыгынан улам токтоп калган. Болбосо, айылга чейин канал келмек. Учурда 400 гектардай аянтка суу келип жатат. Ал эми айылдын этегинде дагы 200 гектар аянтка сугат суусу жетпей жатат. Биз айткан жерге суу сактагыч, канал курулса 200 гектар аянтка сугат суусу келип калат эле. Мындан тышкары, 8 чакырым аралыктагы Алыш каналыбыз бар. Кубаттуу техникабыз болбогондуктан жыл сайын каналды колго казабыз. Кубаттуу техника зарыл", - деди Ж.Токтосунов.

Ал эми мектеп директору Асек Жумабаев айылдагы мектепте спорттук зал жок болгондуктан дене тарбия сабагын өтүүдө кыйынчылык жаратып жаткандыгын билдирди.

"Мектебибизде спорт зал жок, дене тарбия сабагын сыртка өтөбүз. Жаан-чачын учурунда, кыш мезгилинде кыйынчылык болууда. Жаштардын ден соолугунун чың болушу, сергек жашашы үчүн мектепке кичи футболдук аянтча курулуп берилсе жакшы болот эле", - деди ал.

Айылдын активисти Бакай Орозбаев келген эл өкүлү айыл элине боз үй алып бергендигин белгилеп өттү.