«Жалгыз эле жылкыны жыкчудай»: Кочкордогу мергенчи көлөмдүү карышкыр атып алды

turmush
Скачать
Просмотров: 3104
 
Опубликовано 16 Марта 2022, 15:29

Кочкор районунун Көк-Жар аймагынан жылкыларды жеп жүргөн чоң карышкыр атылды.
Аймактык кабарчы билдиргендей, Көк-Жар айылынын малчылары карышкырлар жылкыларга кол салып, тынчтык бербей жатканын айтышкан. Мергенчи Жумабек Айдаров  карышкырды жок кылуу үчүн атайын аңчылыкка чыккан. Карагаты деген аймактан  жалгыз карышкырды качып бараткан кезде атып алган.
« Бул карышкыр зор экен. Өзү жалгыз эле жылкыны жыкчудай болгон карышкыр экен», - дейт Жумабек мергенчи.
Учурда мергенчилер карышкырга аңчылыкка чыккан менен дөбөттөрүн атып, ургаачыларын жөн коюшууда.

«Себеби  ургаачы карышкырлар азыр бооз болуп калды. Ошон үчүн аны атууга болбойт», - дешет мергенчилер.