Ош шаарындагы Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Авиценна көчөсүнүнүн 20 а дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүнө жыл сайын катуу жааган жаандан улам суу толуп, бирок, эч бир жетекчилик көңүл бурбай жатканына жашоочулар нааразычылыгын айтып чыгышты.
Жашоочулардын бири - Сталбек Акматов бул көп кабатуу үйлөр 2010-жылы Ош-Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан курулганын, 2016-жылы Ош шаардык мэриясы өз балансына алып, мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык негизде берилгенин айтып, жашоочулардын нааразычылыгы эмнеде болуп жатканын төмөнкүдөй түшүндүрдү.