Кочкордун тургуну Эршат Усупбаев эң кымбат кой-кочкорлорду өстүрүп баштады

turmush
Скачать
Просмотров: 2389
 
Опубликовано 21 Февраля 2022, 09:34

Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылынын тургуну Эршат Усупбаев «Арашан» породасындагы кочкорлорду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен жолугуп, иши менен таанышты.

Эршат Усупбаев 1974-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Түргөн айылында туулган. Атасы Токтогул мал чарба кызматкери болгондуктан, иш боюнча Күрмөнтү айылына көчүп келип, мектепти ушул айылдан бүтүргөн. Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде кол эмгек, сүрөт,чийүү сабагы боюнча мугалим адистигин алган. 1997-жылы Кочкор районундагы Кара-Күнгөй айылына көчүп келип, дыйканчылык кыла баштаган.

Учурда жер казуучу трактор техникасы бар. 10 гектар айдоо аянтына картошка, арпа, көп жылдык чөп айдайт. Эки жылдан бери «Арашан» кочкорлоррун багып келе жатат