2021-жылдын 28-декабрында Москванын Троицкий жана Новомосковск административдик райондоруна караштуу Коммунарка айылындагы ишканадан өрт чыгып, анда Кыргызстандык мигрант каза болуп, дагы бирөө оор абалда ооруканага түшкөн.
https://svodka.akipress.org/news:1762...
Кырсыктан улам 70 пайызы күйүп, учурда Москвадагы Сливинский күйүк бөлүмүндө (Сливинский ожоговый отделения) жаткан Айбек Абаковдун абалы оор.
Бул тууралуу анын жубайы Гүлзат Алыбаева билдирди.