Ак-Талаада ишкерлер кассалык аппараттын коюлушуна каршы.

turmush
Скачать
Просмотров: 1249
 
Опубликовано 26 Января 2022, 02:44

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун ишкерлери көзөмөлдөөчү кассалык аппараттардын коюлушуна нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети тарабынан салык төлөөнүн жаңы кодекси боюнча же тактап айтканда соода түйүндөрүнө көзөмөлдөөчү кассалык аппараттардын коюлушуна каршы экендигин билдирген ишкерлер кечээ 24-январь күнү Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына кайрылышып, жүйөлүү себептерин айтышты. Кайрылууга келген ишкерлер менен акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа райондук башкармалыгынын башчысы Айбек Маметшерипов жана айрым салык кызматкерлери жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер кассалык аппараттын коюлушуна каршы экендиктерин айтышты.

"Кассалык аппараттардын коюлушуна каршыбыз. Бул салык төлөбөйбүз дегенди билдирбейт. Салык төлөйбүз. Бизде айыл жергеси болгондуктан шаар жериндегидей соода-сатык жигердүү жүрбөйт. Элдин көбү пенсияга, айлыкка, жөлөк пулга деп карызга соода кылат. Көпчүлүгү карызын бере алышпай айлап, жылдап бербей жүрө беришет. Айрымдар таптакыр эле бербей коюшат. Доолап барып, жашоо турмушун көргөн соң айла жок "акчаң болгондо берерсиң" деп кетип калабыз. Өзүбүз товарларыбызды карызга берип коюп, борбордон кайра карызга алып келүүгө мажбур болобуз. Накталай акча колубузга тийбей туруп, кассалык аппаратка каттап, анын пайызын төлөсөк, соода жүгүртүүбүз солгунга учурайт. Эгер, карызга соода кылгандарга чек кыркып бербей койсок силер келип "кассалык аппаратты баскан жоксуң" деп 20-25 миң сом айып пул саласыздар. Кассалык аппараттын арты менен текшерүүңөр дагы көбөйөт. Кандайдыр бир себеп менен чек кыркып бере албай калсак деле айып пул сала бересиздер. Экинчиден, жалпы соода жүгүртүүнүн акчасы 8 млн сомдон ашып кетсе төлөйсүңөр деп жатасыздар. Жалпы 8 млн сомдон ашып кеткени менен тапкан пайдабыз 8 млнго караандабайт да. Тапкан пайдабыздын ичинен транспорттук чыгымдарга, жумушчулардын эмгек акысына, электр жарыгына төлөйбүз. Ошондой эле өтпөй калып, мөөнөтү өтүп кеткен товарлар болот. Аларды ыргытууга мажбур болобуз жана башка чыгымдарыбыз бар. Ушунун баары жалпы товар жүгүртүүнүн акчасынан эмес, тапкан кирешебиздин эсебинен төлөнүп берилсе, кайра сиздер айткан каражатты төлөсөк бизге кайсы пайда калат. Үчүнчүдөн, кассалык аппаратты коюу менен товарлар кымбаттап кетет. Бул элге залакасы тиет. Анан кайдан элге пайдалуу болот. Кыйналып турган эл ого бетер кыйналат. Биз кассалык аппараттын коюлушуна каршыбыз. Кайрылуубузду жогорку бийликтегилерге жеткирип койсоңуздар", - деди ишкерлер.

Ал эми ишкерлер менен жолуккан аткаруу бийлигинин өкүлдөрү 8 млн сомго жетпесе белгиленген пайыздык сумманы төлөбөстүктөрүн түшүндүрдү.

"Мындан эч кандай зыян тартпайсыздар. Мамлекеттик мыйзамды баарыбыз аткарышыбыз керек да. Буга чейин милдеттүү патент, контракт жана ыктыярдуу патент менен ишкерлик кылып келгенсиздер. Мындан милдеттүү патент менен контракт жоюлуп жатат. Ал эми өзүңүздөрдүн тапкан кирешеңиздерди аныктап, ошого жараша салык төлөө үчүн кассалык аппарат койдуртсаңыздар, 12 ай бою чек кырка бересиздер. Эгер, соода жүгүртүүңүздөр 8 млн сомго жетпесе эч кандай салык төлөбөйсүздөр. Ошондой эле, биз тараптан бейчеки текшерүү болбойт. Бизге борборлоштурулган компьютерлер коюлуп, ар бирибизге көзөмөл кылып турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал жерден кассалык аппараттан чек кыркып берип жатасыздарбы же жокпу көзөмөлгө алып турабыз. Эгер, чек кыркылбай жатса, ошол учурда гана текшерүүгө барабыз. Кассалык аппаратты койдуртпай койсоңуздар жана койдуруп коюп, бирок чек кыркып бербесеңиздер айып пул салынат. Ар бир жылдык өзүнчө эсептелинет. Милдеттүү түрдө койдуртушуңуздар керек", - деди алар.

Ошентип, жыйындын соңунда чогулган ишкерлер кассалык аппарат коюу боюнча Нарын жергесинин, анын ичинде Ак-Талаа районунун катаал климаттык шартына, алыстыгына, айыл жергесин эске алуу менен аталган маселени кайрадан тереңинен анализдеп карап чыгуусун өтүнүп өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атына кайрылуу жазышты.