Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кар жаап жатат. Бирок, жергиликтүү жашоочулар көмүр отуну менен толук камсыз боло элек. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Ак-Талаа районунун элине Турук жана Кара-Кече көмүр кенинен көмүр отуну тартылат. 2021-2022-жылдын кыш мезгилине карата элди көмүр отуну менен камсыздоо иштери кечеңдеп, учурда жергиликтүү жашоочулар көмүр отуну менен толук камсыз боло электе кыш түшүп, кар жаап жаткандыгы карапайым калкты тынчсыздандырууда.
"Кыш кирип келди, элде көмүр жок. Кар олчойто жаап салса Молдо-Ашуунун бели жабылган Кара-Кечеден көмүр тартуу токтойт. Ал эми Турук көмүр кенинен ушул убакытка чейин жарытылуу көмүр казуу иштери жүргөн жок. Эми жол жабылып калса көмүр тартуу токтойт. Көмүргө жетпей, ала электер кыштата кандай ахыбалда күн кечирет", - дешет нааразы болгон тургундар.
Ал эми район акими Жумадилла Жапаров Турук көмүр кениненде жардыруу жана тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын, жакынкы аралыкта көмүр тартуу иштери башталарын баса белгиледи.