Антальяда иштеген мекендештер кыргыз маданиятын көрсөтүштү

turmush
Скачать
Просмотров: 567
 
Опубликовано 24 Ноября 2021, 12:32

Түркиянын Анталья шаарында элдердин биримдиги күнүнө карата көп улуттуу элдердин өздүк көркөм чыгармачыл жамаатынын концертине кыргыз мигранттарынан түзүлгөн «Ала-Тоо айымдары» этно-фольклордук тобу да катышты. Бул тууралуу аталган топтун мүчөсү Таалайкүл Табышова  билдирди.

«Биз, Түркиянын Анталья шаарында иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар ынтымакташып «Кыргыз эл» коомун түзгөнбүз.  Коомду Чолпон Орунтаева жетектейт. Ошол эле коомдун ичинен кыргыз маданиятын башкаларга таанытуу максатында өткөн жылы «Ала-Тоо айымдары» фольклордук ансамблин түздүк. Быйыл бир жыл болду.  Баарыбыз тең иштеп, убактыбыз тар болсо да дем алыш күндөрү убакыт бөлүп,  концертке даярдык көрөбүз. Султан Алымбеков деген жигит продюсер болуп  убакыт бөлүп, бизди концертке даярдайт. Буга чейин көптөгөн фестивалдарга катышып келдик. Ялова жана башка шаарларда өткөн фестивалдарга катышып, кыргыз желегин желбиретип, маданиятын көрсөттүк. Ошону менен бирге жакында эле  Кыргызстанда өткөн «Күзгү жаңырык» онлайн фестивалына катыштык. Анда Кыргызстандан көп топтор, шайыр апалар тобу катышты. Жыйынтыгы чыга элек. Ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз», - деди Таалайкүл Табышова.