-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Айбек Нурматов сүт багытындагы уйларды багып жатат. Анын чарбасы менен аймактык кабарчы таанышты.
Буга бир катар жылдар боюу өтүк ултарып иштеп келген Айбек Нурматов мырза Россиянын Алтай аймагынан сүт багытындагы уйларды алдырып келгендигин айтты.
"Үй-бүлөбүз кеңешип, асыл-тукум мал чарбасын өстүрүү максатында банктардын биринен 1 млн сом насыя алып, Алтай аймагынан атайын буйрутма берип алдырып келгенбиз. Экөө чоң уй, калганы кунаажын. Жалпы 10 баш уй алдыртканбыз. Кунаажындарын 130-140 миң сомдон, 2 чоң уйду 170 миң сомдон сатып алдык. Негизинен сүт багытындагы уйлар. Арасынан 1 баш кызыл өңдүү уй сүт жана эт багытындагы "Красный степной" түркүмүндөгү, ал эми калганы "Голштин" түркүмүндөгү уйлар. Келгенден кийин 3 айдан соң 6 баш уй тууду. Тоютун жакшы берсең 1 баш уй 1 күндө 25-30 литрден сүт берет экен. Жаңы тууган кезинде 1 күндө 3 маал саап жатканбыз. Учурда 2 маал саап жатабыз. Ошондо 1 уй эртең менен 10 литр, кечки саанда 10 литр сүт берүүдө. Ал эми тоют жагын айтсам, өзүбүзгө өстүрүлгөн эспарцет чөбүн берип, Бишкектен жүгөрүдөн тартылган жем алып келип, ага арпадан тартылган жемди кошуп берүүдөбүз. Буюрса, силос алдырып келсекпи деп жатабыз. Мындан тышкары, торпокторун сатуудабыз. Туулганына 4 ай болгон 3 баш ургаачы торпоктун ар бирин 55 миң сомдон саттык. Ал эми эркек торпокторду азырынча сата элекбиз. Сүтүн саап алуу үчүн 55 миң сомго Түркия өлкөсүнөн өндүрүлгөн дойка аппаратын сатып алып, ошонун жардамы аркылуу саап алабыз", - деди А.Нурматов.
Ал эми А.Нурматовдун уулу Акылбек Дүйшөнов уйларга күн сайын 1 тоннага чукул суу ташып келип берерин айтты.
"Уйларды маал-маалы менен карайбыз. Алдын кургактап, кыгын улам-улам тазалап турабыз. Өз убагында жем-чөбүн берип дегендей мээнет кылып жатабыз. Күн сууктап кеткендигине байланыштуу 1 маал гана суу ичип жатышат. Жай мезгилинде 1 тоннадай суу ичип келишкен болсо, учурда 600-700 литрдей суу ичишүүдө. Булар Алтай аймагында багылгандыктан улам биздин климаттык шартка туура келет экен. Ошондуктан улам сарайдын мелүүн температурада эле багып жатабыз. Алдыдагы максатыбыз сүт багытындагы уйларды Ак-Талаа жергесине жайылтуу болуп саналат", - деди А.Дүйшөнов.
А.Нурматовдун жубайы Чынара Өмүралиева уйларды саап алуу жана сүтүнөн азык-түлүктөрдү жасоо кызматын аткарарын айтты.
"Менин кызматымды уйларды саап алуу, сүт азыктарын жасоо жана ал азыктарды сатуу. Уйлар келгенден кийин 3 айдан соң тууп, жаңы туулган кезинде 3 маал саап жаттык. Азыр 2 маал саап алабыз. Уйларды саап алардын астында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту алдын алуу максатында алгач уйларды эмчегин жууп, тазалап алабыз. Андан соң сүт сордуруп алуучу аппараты салабыз. Биринчи сүтүн чийкилей 1 литрин 25 сом доо сатабыз. Андан калган сүттү сеператор аппаратына тартып, каймагын алабыз. Каймагынан сары май жасайм. Сүзмө кылабыз. Сүзмөсүнөн курут жасайбыз. Жай мезгилинде1 килограмм курутту 250 сомдон, 1 килограмм каймакты 280 сомдон, сары майды 380 сомдон сатып жаттык. Учурда, кыш мезгили болгондуктан каймагын 380 сомдон, сары майды 450 сомдон сатып жатабыз. Дайыма алган кардарларыбыз бар. Сүт азыктарын сатуудан түшкөн акча менен насыяны төлөп жатабыз", - деди Ч.Өмүралиева.