-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов - Кош-Дөбө таштак жолунда Кара-Бүргөн айылынын таксистери канча акча каражат табышат? Бул тууралуу аймактык кабарчы сураштырды.
Маалым болгондой, аталган унаа жолдун Баетов айылынан тарта Кош-Дөбө айылына чейин 90 чакырым. Ал эми Баетов айылынын тарта Кара-Бүргөн айылына чейинки жолдун аралыгы 28-30 чакырымды түзөт. Жолдун абалы өтө начар. Титиреген, чаңы сапырылган, шиферге айланып, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдүн көкөйүнө көк таштай тийген таштак жолдо жүргүнчүлөрдү ташып иштеген Кара-Бүргөн айылында "супер таксист" атка конгон Уланбек Сатыбалдиев жана Жеңишбек Исмаилов жолдун абалы жана тапкан кирешелери тууралуу ачык айтышты.
32 жаштагы таксист Жеңишбек Исмаилов жолду көрүп, чоңдор бизге боору ооруп койсо болмок дейт.
"Өзүңүз билгендей айылда жумуш жок. Жайкысын бир аз курулуш иштерине иштейм. Курулуш иштери деле дайыма боло бербейт да. Минтип райондун борбору Баетовго жүргүнчү тартам. Үй-бүлө багыш керек, акча табыш керек дегендей. 6-7 жылдан бери таксист болуп иштейм. Жолдун кебетеси бул. Күнүгө 2-3 жолу дөңгөлөк жарылат. Жаңы дөңгөлөк сатып алабыз. Аның деле айрылып, жарылып калат. Унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланат. Ушул жолго шагыл төгүп, оңдоп-түздөп берип, чоңдор деле бизге бир аз боору коюшса болмок. Жылына 15-20 километрине асфальт басып берип турушса", - деди кейиген Ж.Исмаилов.
Ал эми 39 жаштагы таксист Уланбек Сатыбалдиев чаң жутуп, азап тартып, жолдо калып жүрүп жылына 50 миң сом акча каражат табарын айтты.
"Эми жолдун абалы жөнүндө айтпай эле коёюн. Иши кылып "аман эле болсун". 7 жылдан бери таксист болуп иштеп келем. Жол кире бир кишиге 130 сом. Ошондо 4 жүргүнчү салабыз. Барып - келгени менен 4 кишинин жол киреси 1040 сом болот. Азыр бензин дагы кымбат. 1040 сомдун ичинен 600 сомго май куябыз. Нары жагында 400 сом калат. Дөңгөлөгүң жарылат же дагы бир жагы үзүлөт, бузулат дегендей. Мындай учурда акча тапмак тургай чыгым болуп кайра келесиң. Кээде тыңырак барып келесиң. Биз "робот" эмеспиз да. Курсак ачат, каның катат. Тамак ичебиз. Айтор, күнүгө 200 сомдой акча табабыз. Айына көбөйтсөң 6000-7000 миң сом. Жылына эсептесең болжол менен 75-80 миң сом болот. Бирок, жыл сайын 30-40 миң сомго унааңдын тетиктерин жаңыртасың, дөңгөлөк аласың. Чаң жутуп, карала-торала болуп кийимиң кирдеп, кээде талаада калып жүрүп 1 жылда 50 миң сом акча табасың. "Ауди 100" унаа айдайм. 7 жыл ичинде 4 унаа алмаштырдым. Титиреген, секирткен жол эле талкалап салат унааларды. Анан 2-3 жылда унаа жаңыртсак, пайда деле көрбөйт экенбиз.
Баса, кошумча айта турган болсом. Биз деле элге кызмат кылып жатабыз, жыл сайын унаа салыгын төлөп, бюджетке салым кошуп жатабыз дегендей. 31-октябрь айдоочулардын кесиптик күнү экен. Район акими жана башка бийликтегилер бизди деле эстеп куттуктап, сыйлыктарынан берип турса болобу?", - деди У.Сатыбалдиев.