Бергенге жараша сапаттуу эле көмүр беришпейби?

turmush
Скачать
Просмотров: 702
 
Опубликовано 22 Октября 2021, 15:32

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын айрым тургундары кайрымдуулук үчүн келген көмүрдүн сапатына нааразычылыгын билдиришти.

Маалым болгондой, аталган айылдын атын атагысы келбеген тургуну айылдагы социалдык жардамга муктаж, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн берилген 50 тонна көмүрдүн сапаты начар экендигин билдирип, тасмага тартып, нааразычылыгын билдирип чыкты.

"Биздин айылдын социалдык жардамга муктаж жарандарга үчүн "Турук" көмүр кенинен кандайдыр бир фирма тарабынан жардам бериптир. Мунусу рахмат. Бирок, көмүрдүн сапаты начар. Майда, күл, чопо аралашкан, тоңуп калган көмүр. Бергенге жараша сапаттуу эле көмүр беришпейби. Эл деле муну кантип жагат? Беришсе деле жакшырак көмүр беришпейби, жөн эле элди алдабай", - деди атын атагысы келбеген тургун.

Ал эми аталган айылдын айыл өкмөтүнүн соцадиси Жыпариза Өмүрканова айтылып жаткан көмүрдөн көмүр алгандар нааразы болушпагандыгын айтты.

"Биз "Good Parter" кайрымдуулук фондуна июнь айында социалдык жардамга муктаж жарандарга көмүрдөн жардам берүүлөрүн сурап кайрылганбыз. 50 адамдын тизмесин бергенбиз. Бул көмүрдүн социалдык баштыкчага тиешеси жок. Социалдык баштык деп өзүнчө 15 тонна көмүр келип, таратылып берилген. Ал эми 50 тонна көмүрдү 1 тоннадан 50 аз камсыз болгон үй-бүлөгө бөлүп бердик. Анан айрым тургундар "муну ким түшүрдү, шайлоого каратабы, майда көмүр" экен деп саясатташтырып чыгышты. Бирок, көмүр алган 50 кишинин бири дагы нааразы болушкан жок", - деди Ж.Өмүрканова.