Ак-Талаада элге "Турук" көмүр кенинен 430 тонна көмүр тартылып келди.

turmush
Скачать
Просмотров: 281
 
Опубликовано 21 Октября 2021, 15:31

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна "Турук" көмүр кенинен 430 тонна көмүр тартылып келип, элге 3 миң сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Жумадилла Жапаровдун айтымында, 19-октябрь күнү аталган көмүр кенинен көмүр казып жаткан ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгы менен кечээ 20-октябрь күнү жалпы 26 даана унаа кенге чыгып кеткен.

"Элди көмүр отуну менен камсыздоо максатында Ак-Чий айылынан 5 "КамАЗ", 1 "ЗиЛ" унаасы менен 100 тонна, Коңорчок айылынан 2 "КамаАЗ" унаасы менен 36 тонна, Кара-Бүргөн айылына 2 "ЗиЛ" унаасы менен 20 тонна, Терек айылына 1 "КамАЗ" унаасы менен 18 тонна, Баетов айылына 13 "КамАЗ" жана 2 "ЗиЛ" унаасы менен 255 тонна көмүр алынып келип, элге 3 миң сомдон сатылууда. Жакынкы күндөрү дагы 20-25 унаа менен тартып келинет. Кендеги тазалоо иштери аягына чыккыча көмүрдү токтотпой тартуунун аракетин көрөбүз. Мындан тышкары, Кара-Кече көмүр кенине 50 унаа көмүр тартып келүүгө чыгып кетти", - деди аким Ж.Жапаров.