Ак-Талаада көмүр көйгөйү, элдин нааразычылыгы, жергиликтүү бийликтин аракети

turmush
Скачать
Просмотров: 1188
 
Опубликовано 19 Октября 2021, 22:34

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун бийлик өкүлдөрү "Турук" көмүр кенине барып, даярдыктар боюнча жеринен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 19-октябрь күнү аким Жумадилла Жапаров, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев, райондук салык башкармалыгынын башчысы Айбек Мамашерипов жана райадминистрациянын адиси Улук Нуралиев "Турук" кенине барып, кендеги көмүр казып жаткан "Кенч-Строй" жана "Турук Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү менен жолугушуп, учурдагы көмүр тартыштыгынын кесепети, көмүр казуу иштерин жеринен көрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, "Кенч-Строй" жоопкерчилиги чектелген коому өзүнө тиешелүү көмүр тилкесинде тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын, тазалап жаткан тилкеде болжолдуу 4 миң тоннага чукул көмүр кору бар экендигин, бир жума аралыгында тазалоо иштерин аяктап элге көмүр берүүнү башташарын убада кылды.

Ал эми "Турук Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү учурда тазалоо иштерин жүргүзүп, аны менен бирге эле Ат-Башы районунун бюджеттик мекемелерине көмүр тартып жатышкандыгын, дагы 1 миң тоннага чукул калгандыгын, ошондой эле жетиштүү деңгээлде көмүр кору жок экендигин, көмүр кору татаал тилкеде жайгашкандыктан тазалоо иштери кыйынчылыкка учурап жаткандыгын билдирди.

Район акими Ж.Жапаров көмүр казган ишканалардын өкүлдөрүнө көмүр казуу иштерине даярдыктарынын жоктугу жана эртелетип көмүр казуу иштерин жүргүзбөгөндүктөрүнүн натыйжасында жергиликтүү бийликке элдин нааразычылыгын туудуруп жатышкандыгын айтып, көмүр казуу иштерин эртелетүүнү жана элге 500-600 тонна көмүр казып берүүнү талап кылды. Жыйынтыгында, 20-октябрь күнү 20 "КамАЗ" унаасы "Турук" көмүр кенине жиберилмей болуп, 500 тоннага чукул көмүр жүктөп берүү жагы сүйлөшүлүп, андан ары дагы элге көмүр тартуу аракеттерин жүргүзүү белгиленди.

Учурда, Ак-Талаа жергесине Кара-Кечеден көмүр тартылып, 3 500 сомдон сатылууда. Ал эми бюджеттик мекемелерге "Турук" көмүр кенинен тартылып бүткөн. Бирок, "Турук" көмүр кенинен азырынча элге көмүр тартылбай жаткандыктан улам эл ичинде нааразычылыктар айтылууда.