Ысык-көлдүк Азамат Талипов 5 миң долларга чейин бааланган койлорду багат

turmush
Скачать
Просмотров: 14549
 
Опубликовано 9 Октября 2021, 14:45

Ысык-Көл облусунун 33 жаштагы тургуну Азамат Талипов 5 миң долларга чейин бааланган асыл тукум койлорду багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда жүк ташуу менен алектенет.

«Асыл тукум арашан койлорду багууга Фарид аттуу досум себеп болгон. Ошондон улам бул койлорду багууга кызыгып кеттим. Арашан породасындагы асыл тукум койлор жылына эки жолу тууйт. Сойсоң көп эт берет. Сатсаң кымбат баада сатылат. Эки маал атайын тоют жана эки маал чөп берип багабыз. Мындан сырткары арпа, буудай, беде, саман, сабиз да беребиз. Учурда менде 40 туут кой бар», - деди ал.

Азамат Талипов арашан тукумундагы козуларды 25 миң сомдон 1 миң долларга чейин сатып жатканын айтты. Ал эми чоң кочкорлор 1 миң доллардан 5 миң долларга чейин бааланат.