Ак-Талаада табышмактуу жалпак таш табылды.

turmush
Скачать
Просмотров: 14687
 
Опубликовано 17 Сентября 2021, 17:50

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылына караштуу Туура-Суу жайлоосунан белгисиз тамгалар менен жазылган сырдуу таш табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айылынын тургуну, жергиликтүү журналист Шахназар Жанболотовдун айтымында, таш табылган аймакка белгисиз адамдар 2-3 жолу шашылыш келип кетишкендигин айтат.

"Салмагы жарым тоннадай, узуну 50 сантиметрдей, туурасы 80-90 сантиметр, калыңдыгы 10 сантиметрдей болгон чарчы жалпак ташты 1-2 ай мурун Жанболот аке менен Сүйүндүк аке таап алышкан экен. Таштагы жазуулар бир дагы улуттун тамгаларына таандык эмес. Мүмкүн байыркы калмак, сак же усундардын транскрипциясы болушу мүмкүн. Атайын интернет терминатор камтылган программа менен окуп көрсөм, таштагы жазуулар баласы апасынын күмбөзүнө арнап кудайга багыштап жазганын окуса болот. Бул табышмактуу таштын ордунда таш менен корумдалган көрүстөндү көрүүгө болот. Бир айдан бери бул жерге белгисиз адамдар шашылыш келип кетишүүдө деп жатышат жергиликтүү малчылар. Жакынкы убакытта эле 2 жолу келип кетишкен экен. Эртерээк музейге тапшырып, иликтөө иштерин жүргүзбөсө кызыккан адамдар көп болуп жатыптыр", - деди Ш.Жанболотов.

Ал эми Ак-Чий айылынын малчысы Жанболот Ормонов табышмактуу ташты 10 жылдан ашык убакыттан бери эле көрүп жүргөнүн айтат.

"Туура-Суу жайлоосунда 10 жылдан ашык жайладым. Бул ташты ошондон бери эле көрүп жүрчүмүн. Таштын бетинде эмне жазылганын деле билбейм. Негизи, ыйык жер көрүнөт. Таштын бетиндеги жазууну эч ким деле окуй албай койду. Ошондон бери "ушундай таш бар, келип көргүлө" деп айтып келем. Көп эле адамдар келип көрүп кетишүүдө. Өткөндө Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунан адамдар келишип, сүрөткө тартып кетишкен. Ташка кызыккандар көп. Алып кетип калышпасын. Эртерээк музейге алып алгыла", - деди Ж.Ормонов.

Ошондой эле ташты алгачкылардан болуп көргөндөрдүн бири Баетов айылынын тургуну Сүйүндүк Карасартов таштагы жазууларды окутууга аракет жасаганын билдирди.

"Таштагы жазууларды сүрөткө тартып алып, райондун имам-хаттибине чейин көргөзүп көрдүм. Бирок, муну окуй алышпады. Арабча жазууга окшобойт. Анан, райондук тарых музейинин директору Зейнеп Ажыбековнага билдирдим. Ошол себептен улам бирге келип көрүп, иликтеп, сураштырып жатабыз. Эми районуьуздун аймагындагы ушундай тарыхый белгилерди сактоого алышса деген пикирде бийлик өкүлдөрүнө кайрылып жатабыз", - деди С.Карасартов.

Аталган жерге "Нива" жеңил унаасы менен баргандыктан жана таш абдан салмактуу болгондуктан ташты алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугун Ш.Жанболотов кошумчалады.