БИЗ КҮТКӨН БИЛИМ МАЙРАМЫ: " Билим -түгөнгүс байлык" - Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева.

turmush
Скачать
Просмотров: 363
 
Опубликовано 15 Сентября 2021, 20:58

Бүгүн, 15-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу бардык мектептерде көптөн күткөн жаңы окуу жылы салттуу түрдө башталды. Мектебин сагынган балдарыбызга эми кадимки шартта билим, тарбия алуусуна толук шарттар түзүлдү. Бүгүнкү күн билим майрымына айланып, ыр-күүлөрдүн коштоосунда алгачкы коңгуроо кагылды. Ооба, шыңгырай бер, күмүш үндүү коңгуроо! Жаңы окуу жылыңыздар менен урматтуу мугалимдер жана биздин сүйүктүү окуучулар! Чексиз кубанычка бөлөнгөн балдарыбыздын бактылуу күнү кут болсун!
Сиздерге райондук мамлекеттик администрациясы жана билим берүү бөлүмү ак жол каалайт.