Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагында кенге байланыштуу санитардык зоонага кирип калган жашоочулар менен Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Алтынбен Сеңирбаев, компания өкүлдөрү, жолугушту. Жергиликтүү эл кен казууга тартылган техникалардын үнү түнкүсүн да иштегендиктен түн уйкулары тынч эместигин, күндүзү көчөгө суу убагында себилбей жатканын, тоодон сапырылган чандын жыты дем алууда ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, нааразы болушту.