Кемин районундагы тоодон чыккан өрттү өчүрүү үчүн 300гө жакын киши кетти.

turmush
Скачать
Просмотров: 6517
 
Опубликовано 8 Сентября 2021, 08:02

Turmush — Кемин районунун Кайыңды айылынын Көк-Жар токоюнда өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда ӨКМден кабарлашкан.
https://www.turmush.kg/news:444299
Бүгүн, 8-сентябрь күнү таӊкы саат 6:30дар КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы баштаган 4 офицердик курам жана Кемин Чүй Токмок ӨКБнүн өрт өчүрүүчү куткаруучулары жалпы 50 кызматкер ошондой эле КДМБдан 30 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан болжол 25 жаран жана экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет(ГКЭК)дан 148 кызматкер болуп өртүү өчүрүүгө чыгып кетишти.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө Кемин райондук №5 ӨКБдан 28 куткаруучу, токой чарба кызматынан 25 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 гектарды түзөт.