«Элди кан какшаткан Кадыралиевдер жазалансын»: Өзгөндөгү жайлоодо сабалган балдардын ата-энелери президентке кайрылды

turmush
Скачать
Просмотров: 620
 
Опубликовано 26 Июля 2021, 14:00

Балдарыбызды сабагандар камалсын, кылмыш кылгандар айылдан көчүрүлсүн. Бул тууралуу бүгүн, 26-июль күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылынын тургундары билдиришти.
Алардын айтымында, 17-июль күнү кечки саат 22:00 чамасында Чыңгыз жана Илгиз аттуу балдар Кочкор-Ата айылынан 40 км алыстыктагы Жылышма деген жайлоодогу чатырда жаткан жеринен топ балдар атка сүдүрөтүп, уруп, балта менен сабашкан. Натыйжада экөө тең ооруканада оор абалда жатышат.