Союздун калган эски жол оңдолду

turmush
Скачать
Просмотров: 407
 
Опубликовано 21 Июля 2021, 13:28

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагындагы Төө-Куйрук чөлкөмүндөгү жайыт жолу оңдолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналы уулунун айтымында, Орто-Сырт жайлоосунун Төө-Куйрук чөлкөмүндөгү жайыт жол союз ыдырагандан бери биринчи жолу оңдоолор өткөрүлдү. Жолду оңдоо иштери 3 күнгө созулуп, жайыт комитети тарабынан аткарылды.

Жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналы уулу аталган чөлкөмгө жол жоктугунан улам малчылар бара албай келишкендигин айтты.

"Бул чөлкөмгө союз мезгилинде жол салынган экен. Кийин союз тарап кеткен соң жол каралбай калып, жол талкаланып жок болуп кетиптир. Төө-Куйрук чөлкөмүндө 5-6 малчы жайдай турчу чөлкөм. Жолдун азабынан эч ким барбайт калыптыр. Кароо капчыгайына чейин оңдоп чыктык. Анткени, күз келгенде жылкылар ылдый канча башташат. Аларды Кароо капчыгайына камап, тоонун башынан 600-700 метр аралыгын тосмокпуз. Тосмолорду дагы алып койгонбуз", - деди ал.