Кочкорлук мергенчилер Ат-Башы районундагы жайлоодон карышкыр атып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор районунун мергенчилер тобунун уюштуруучусу Таалайбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, Ат-Башы районундагы малчылар карышкырлар малга кол салып, тынчтык бербей жатканын айтып кайрылышкан. Кочкорлук мергенчилер Турат Мамбетсадыков, Темирбек Кыдырбаев, Ишен Жантемиров Ат-Башыдагы мергенчилер менен биргеликте Чоң Каманды жайлоосунда карышкырларды аңдууга алышкан. Акырында бир ургаачы карышкырды атып алышкан.