Каникулду китепканада өткөрүп жаткан окуучулар

turmush
Скачать
Просмотров: 179
 
Опубликовано 11 Июля 2021, 01:58

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы айрым окуучулар жайкы каникулду китепканада өткөрүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаркын Ажиева 10 жылдан бери Ак-Талаа райондук Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепкананын балдар бөлүмүнүн китепканачысы болуп эмгектенип келет. Аталган китепкананын балдар бөлүмүнүн фондунда 16 382 даана китеп бар.

"Фондубузда жомок китептер, орус жана кыргыз адабияттары, чет өлкөлөрдүн жазуучулардын балдарга арналган чыгармалары, сүрөт китептер бар. Фондубузду жаңы китептер менен толуктап туруу үчүн эл аралык фонддор, уюмдар менен тыгыз иш алып барып келебиз. 1 жыл ичинде 2 миңден ашык окурман келет. Бизде "Балдарды эрте жаштан өнүктүрүү" деген долбоор ачылган. Долбоордо бала бакчага барбай калган балдарды алып келип, аларга сүрөт тартканды, окуганды үйрөтөбүз. Мындан тышкары, "Үй-бүлөлүк окуу", "Бирге окуйбуз" аттуу сынактарды өткөрүп турабыз. Мисалы, "Үй-бүлөлүк окуу" сынагында социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөр менен иш алып барабыз", - деди Жаркын Ажиева.

Андан сырткары, жайкы каникул учурунда китепканага балдар көп келерин, жергиликтүү жашоочулардын гана балдары келбестен, айылга эс алууга сырттан келген балдар дагы келип, китеп окуп турушарын кошумчалады.