Кургакчылыктын айынан Чүй облусундагы арпа-буудайдын түшүмдүүлүгү төмөндөп кетти. Дыйкандардын берген маалыматы боюнча, буудай-арпанын суу жетпей куурап жатканын жана түшүмдүүлүгүнүн аздыгынан ишкерлер талаадан эле соодалашып, чабыла элек кылкандуу эгиндер үчүн акча таштап кетип жатышат. Өлкөдөгү кургакчылык, түшүмдүүлүктүн аздыгы ундун кымбатташына алып келеби? Аймактык кабарчы адистердин пикирин топтоду.