Өзүн өзү киринткен экскаватор

turmush
Скачать
Просмотров: 5332
 
Опубликовано 8 Июня 2021, 16:03

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылынын тургундары өзүнө өзү суу чачып, жуунуп жаткан эксваторду сүрөткө тартып алышкан.

Маалым болгондой, бул техника айыл иштерине абдан зарыл болгон техника. Бирок, мындай техника айылда жок болгондуктан сугат суу каналдарын казуу, тазалоо, жолдорду оңдоо сыяктуу бир топ иштер аткарылбай келет.

Сүрөттө киришип жаткан эксватор Кызыл-Белес айылындагы таза суу системасын капиталдык оңдоодон өткөрүү ишин колго алган жоопкерчилиги чектелген коомунун техникасы. Айыл өкмөтүнүн сүйлөшүүсүнүн негизинде бош учурунда күйүүчү майын куйдуруп, айылдагы бир катар иштерди демөөрчүлүк катарында бекер жасап берүүдө. Алсак, сугат суу каналын тазалап берди. Ошондой эле Чекен-Талаа чөлкөмүндөгү жараксыз абалга келген кыя жолун дагы оңдоп берип, кечке иштеп чаң болгон эксватор агын суунун ортосуна токтоп алып, өзүнө өзү суу чачып, жуунуп, тазаланып жаткан учурун жергиликтүү тургундар кызыгуу менен сүрөткө тартып алышкан. Өзүн өзү киринтүү ичинде башкарып жүргөн механизаторунун амалы менен.