Таласта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сыйланды

turmush
Скачать
Просмотров: 134
 
Опубликовано 8 Мая 2021, 17:05

Бүгүн, 8-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин сыйлоо аземи болуп өттү. Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча 4 Улуу иш Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин 9-май Жеңиш күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана демөөрчүлөр тарабынан Манас районунун Май айылынын 91жаштагы тургуну Александр Фелькинге 100 миң сом, Талас районунун Сасык-Булак айылынын 96жаштагы тургуну Кудаке Молдалиевге 100 миң сом, Талас шаарынын 98 жаштагы тургуну Владимир Некрытовго 100 миң сом, Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 96жаштагы тургуну Араке Арстамбеков 25 миң сом акчалай каражаттар жана азык-түлүктөр, район акимдери тарабынан дагы акча каражаты тапшырылды. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун тапшырып өттү. Иш-чарада чакан концерт коюлуп, согуш учурундагы ырлар ырдалды.