Turmush — Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Бешкент айылынын Эски-Оочу айылынын эки тургуну изделип жатат.
Социалдык тармактарда курулуш жүрүп жаткан жерде түнөгөн эки жигиттин жоголушу боюнча видео-маалымат тарап жатат. Анда эки тургундун жаткан чатырынын ичи чачылып, бут кийимдери кан болуп, жерде жаткандыгы, телефондору калганы айтылат.
Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын апрель айынын башынан бери Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Эски-Оочу айылынын түштүк тарабында тигүү цехи салынып жаткан. Бул аймак Тажик Республикасынын Б.Гафуров районуна жакын жайгашкан.