Ак-Талаалык К.Өмүракунов бутуна оор операция жасатууга коомчулуктан жардам сурап кайрылууда.

turmush
Скачать
Просмотров: 1989
 
Опубликовано 14 Октября 2020, 15:21

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Канчоро Өмүракунов бутуна оор операция жасатууга коомчулуктан жардам сурап кайрылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өмүракунов Канчоро Жайлообаевич 1972-жылы 15-декабрь күнү төрөлгөн. 16-февраль күнү Россияга иштеп келгенге кетип, ал жактан бутунан жабыр тартып, 24-сентябрь күнү Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгон. Тактап айтканда, эки бутунун тең жамбаш сөөгү менен кашка жиликтин ашташкан жери чирий баштаган. Тез арада операция жасатууга 450-500 миң сом каражат керек.

"Ушул жылдын февраль айында Санкт-Петербургга иштегенге кеткен элем. Ал жакта 4 ай курулушта иштеп, андан соң Нижний Новгород шаарында бир фирмага кирип иштеп жаткам. Ошол жактан бутум какшап ооруй баштады. Ал жактан рентген аппаратына түштүм. Суук тийген, кальций жетишпейт дешти. Дарыларды жазып беришти. Дары ичип, иштеп жүрдүм. Бирок, бутумдун оорусу 2-3 жолу кармады. Ден соолугуң жакшы болбосо жумушка иштетпейт экен. Ошентип жумуштан четтетип коюшту. Тапкан каражатым дары-дармектен ашкан жок. Ал жерден мекендештер билет алып беришип Кыргызстанга жөнөтүштү. Бишкек шаардык №4 ооруканасына кайрылдым. Рентгенге, томография аппаратына тартышты. Эки бутумдун жамбаш сөөк менен кашка жиликтин бириккен жерлери чирий баштаптыр, эртерээк операция жасатпасаң таптакыр баспай каласың дешти. Операция жасатууга 450-500 миң сом каражат сарпталарын билдиришти. Менде мындай чоң суммадагы акча жок болгондуктан улам коомчулукка, бийлик өкүлдөрүнө, дегеле боорукер атуулдарыбызга жардам сурап кайрылып жатам. Азыркы убакта, бир аз басам. Дааратканага чыгып өзүм чыгып келем. Бирок, жарым сааттай убакыт ары-бери баскандан кийин кайра какшап ооруп, буттарым денемди көтөрө албай калганда жатууга туура келет. Көп кыймылдаба, "тарс" сынып кетет дешти. Өзүмө тиешелүү жер тилкемди дагы сатыкка койдум", - деди К. Өмүракунов.

Боорукер, кайрымдуу адамдар болсо жардам берип коюшун сурайт элек дейт эжеси Калбү Өмүракунова.

"Өзүм Нарын шаарында турам. Минтип бир тууганыбыз ооруп жатса чыдап отура албай, келдик. Банкка атайын счёт ачтырдык. Дүкөндөргө урна коюп, коомчулуктан дагы жардам сурап кайрылып жатабыз. Бир туугандар дагы колубуздан чыккан жардамдарды берип жатабыз. Бирок, жарым миллион сом каражат жок да. Бийлик өкүлдөрү, кайрымдуулук фонддор жардам берип коюуларын суранат элек. Ушундай кезинде операция жасатып алсак болот эле. Бир тууганыбыздын майып болуп калышын каалабайт элек", - деди эжеси.