Жалал-Абад шаарындагы жападан жалгыз ишке кирген түнкү стационарда тоскоолдуксуз жумуш уланат. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.
Айтымында, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору менен шаар мэри болуп сүйлөшүүлөр жүрдү жана бүгүнтөн тарта кайрадан мурункудай жумуш ыргагы улана бермекчи.