Чүй облусунун Токмок шаарында, бүгүн мас айдоочу , өзүнүн «Фольсваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасы менен тигүү цехтин дубалын сүзүп, андан ары жер төлөгө кирип кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Ал эми чүй жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, 1984-жылкы айдоочу мас абалында унааны башкарып, рулга ээ болоалбай калган.
«Кырсык эртеӊ мененки саат 6:00дө 3-кичи районунда катталган. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок. Унаа айып пул аянтчасына токтулуп, ага карата протокол түзүлдү» - деп айтылат маалыматта.