Элди көтөрүлүшкө чакырып, байларга кысым көрсөткөн С.Ниязбек уулунан аялына калган «сырдуу» кагаз

turmush
Скачать
Просмотров: 1488
 
Опубликовано 21 Июля 2020, 09:06

1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири, Семиз-Бел аймагынын акыркы болушу Сагын Ниязбек уулу тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымат топтоду.

Семиз-Бел болуштугу орус падышачылыгынын админстративдик аймагы катары 1876-жылы түзүлүп, 1916-жылга чейин турган. Бул аймакка азыркы Кочкор районундагы Кара-Күнгөй айылы Сары-Чат (итим-боку уруусу жашаган жер), Кара-Күнгөй (саргалдак уруусужашаган жер), Кош-Булуң (беш каман уруусу жашаган жер), Байым (сокур, байым уруулары жашаган жер) деген төрт айылдан туруп, Тоң районундагы Ак-Өлөң (сары калпак, торок уруулары жашаган жер), Оттук (сабатар уруусу жашаган жер), Кара-Шаар (байым уруусу жашаган жер) айылдары кирген. Ошентип Семиз-Бел болуштугуна сегиз айыл баш ийип, ар бир айылда өзүнчө старчын (староста), андан сырткары бийлери болгон. Бул аймакка 1915-жылдары жетим өскөн, теги кедей тукумунан Сагын Ниязбек уулу болуш болуп шайланган. Анын ата- тегинде болуш, бий, манап же эл башкаруу ишине катышкан мансаптуу адам болгон эмес, кара таман кедейлерден чыккан. Ал Семиз-Бел болуштугундагы эң акыркы болуш.

Сагын Ниязбек уулу тууралуу айыл аксакалдары ал кедей, тексиз жердин уулу болгон менен өтө билимдүү болгондугун айтышат. Ал (Сагынаалы) Ысык-Көлдүн Ак-Суу өрөөнүндө туулган. Төрөлгөн жылы белгисиз. Арык тукумунун беш каман уруусунан чыккан. Ал кичине кезинде атасынан айрылып жетим калган.